Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мирлан Самыйкожо: “Окуучу мугалимге акаарат келтирсе, ата-энелерине айып пул салынат”

Мирлан Самыйкожо: “Окуучу мугалимге акаарат келтирсе, ата-энелерине айып пул салынат”

16-декабрь, 09:00
719 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Мирлан мырза, мугалимдерди сыйлабай, орой мамиле кылган окуучулар менен алардын ата-энелерин жоопкерчиликке тартуу боюнча сиздер демилгелеген мыйзам долбоору кыйла өзгөрүүгө учураганы айтылууда. Тактай кетсеңиз, конкреттүү кайсы жоболору өзгөрдү?

-- Чоң деле өзгөрүү болгон жок. Элүү, отуз эсептик көрсөткүч деген сыяктуу айып пулдар бар болчу. Ошол айып пулдар алынды. Жеке жактарга он эсептик көрсөткүчтө калды. Айталы, ата-энелер же башка адамдар мугалимдерге акаарат көрсөткөн болсо, аларга эскертүү берилип, жоопко тартылат. Анан бул жерде сөзсүз баланын тартиби каралат. Мектептин ички мыйзамынын негизинде. “Бузуулар кодексине” өзгөртүү кирбеди беле, ошонун ичинде мугалимге ыдык көрсөткөн, акаарат келтирген, жаман сөздөр менен сөккөндөргө биринчи эскертүү берилет, анан ата-энелерине айып пул салынат.

-- Окуучулардын өзүнө салынбайт да?

-- 16 жашка чейинки окуучуларга айып пул салынбайт. Мурдатан эле ушундай, ата-энеси жооптуу болот.

-- Анда балдарга ата-эне аркылуу таасир этилет турбайбы?

-- Ооба. Негизи эле мектепте ошол да, баласы тартип бузса, педкеңешке чыгарчу эмес беле? Ата-энесин чакырып, тарбиялык звучка, директорго кирчү. Эми ошол нерсе мыйзам чегинде күчүнө кирип калат.

-- Долбоор азыр кайсы стадиясында?

-- Комитеттен экинчи окуудан өттү. Эми палатадан экинчи окуудан өтсө, үчүнчү окууга кетет. Кудай буюрса, жылдын аягына чейин бүтүрөбүз. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер