Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Алтын ИСМАИЛОВ, жогорку технологиялар паркынын директору: “Электрондук соода жүгүртүү бизде жакшы өнүгө элек”

Алтын ИСМАИЛОВ, жогорку технологиялар паркынын директору: “Электрондук соода жүгүртүү бизде жакшы өнүгө элек”

09-ноябрь, 17:11
528 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- “Кытай интернет аркылуу бир күндө 700 миллиард доллар соода жүгүртөт” деп маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Дастан Догоев билдирди. А бизде электрондук соода жүгүртүү кандай? Өнүгүү болуп жатабы?

-- Бул суроону эки жаатка бөлсө болот. Биринчиси, социалдык тармактар аркылуу сатуу. Азыр Инстаграм, Фейсбук социалдык тармактарынан өз баракчаларын ачып, өз товарларын ошого киргизип, көбөйтүп, көпчүлүк учурда өз кардарлары менен социалдык тармактар аркылуу байланышып, соода жүгүртүшүп жаткандар көбөйдү. Мунун баары Бишкекте эле эмес, башка региондордо да колдонулуп келет. Бирок традициондук электрондук бизнес үчүн дагы көп иштерди жасашыбыз керек. Эң биринчиси электрондук төлөө боюнча азыр калкыбызда банк карталары абдан аз. Аны колдонгондор дагы саналуу. Электрондук капчыктар чыгып жатат. Аны көп жеке ишканалар колдоно элек. Экинчиси логистика маселеси. Мисалы, товарды интернет аркылуу сатсак товарлар кантип жетет? Бишкекте бул жакшы өнүгүп калган болсо, региондордо али өнүгө элек. Үчүнчүдөн, товарларды сүрөткө тартып, тарткандан кийин жакшынакай айтып, товардын абалын ачып берүү деңгээли төмөн. Бул тараптан дагы жеке ишканалар иштеш керек. Ошол санарип дүйнөсүнөн кантип киреше алышат, кантип өздөрүн көрсөтө алат? Дагы көп иштөөлөрү зарыл. Акыркысы жеке ишканалар коммерция кыла турган жеке сайттарын ачуу маселеси дагы аз кездешип жатат. Ошондуктан, бизде традициондук түрдө өнүгө элек. Өзүбүз өнүктүрүшүбүз шарт. Ошол өнүккөн соң башка мамлекеттер менен кызматташып, товарларыбызды жеткирүү керек. 

-- Эл аралык соода жүгүртүү деңгээли кандай абалда?

-- Эл аралык электрондук товар жүгүртүү жакшы өнүгө элек. Мисалы, жогорку технологиялар паркын алсак, интернет аркылуу эле иштеп, өзүбүздүн интеллектуалдык кызматыбызды көрсөтүп жаткан кезибиз. Бирок, кайра эле товарлар тууралуу кеп козгосок, бул жаатта өнүгө элекпиз. 


Жамиля НУРМАНБЕТОВА

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер