Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жаман илдеттин артынан жакшы акча тапкан заманга туш келдикпи?

Жаман илдеттин артынан жакшы акча тапкан заманга туш келдикпи?

29-июнь, 12:02
651 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

«Пандемия апаатында жардам катары келген каражаттардын отчету болобу? Эмне үчүн өкмөт бул боюнча маалымат бербей келет? Мандем жокпу?» деген соболду эксперттерге жолдодук. Жооптору ар түркүн жакты чапчыды.

Асия Сасыкбаева, коомдук ишмер:

-- Отчету болгон күндө да канчалык так, туура пайдаланганы боюнча жооп ала албайбыз. Отчет бербесе койсун, сырттан келген акчаларга медицина тармагын жакшылап оңдоп алышса болмок. Андайды көрбөй атабыз. Жадагалса ПЦР-тесттер жок экен, медицина каражаттары, анын эң орчундуусу халат, колкаптардын жетишсиздигинен кабарыбыз бар. Опурталдуу иште кызмат өтөп аткан медперсоналдарга эмдигиче акчаларын бере элек экен. Ооруканаларды жаңылап алышса болмок. Пандемиянын жүрүп жатканына үч айдын жүзү болду, көзгө урунттуу эч нерсени байкаганыбыз жок. Бул жерде чоң мандем бар. Сырттан келген акчаларды даректүү сарптоо деген бизде жокко эсе. Эгер ошолордун баарын тийешелүү жерге жумшаганыбызда, мамлекетибизге жардам катары келген акчага эле бир топ жумуштарды бүткөрүп алмакпыз.

Болуш Саиев, саясат талдоочу:

-- Пандемия – таажы илдети коомчулукту, анын ичинде гуманисттерди, интеллигенцияны, патриотторду ойготкону менен менин байкоомдо, көпчүлүк мамлекеттин, өкмөттүн түзүмүндө иштеп жаткан адистерди анча деле сестентип, ойлонткон жок окшойт. Себеби, канчалаган эл аралык уюмдардан, патриот-атуулдардан акчалай жана гуманитардык жардамдар келип жатты жана дагы да берилүүдө. Коомчулук чыркырап айтып жатпайбы, “өкмөт бул тууралуу отчет берсин!” деп. Өкмөттөн, президенттик аппараттан эч бир реакция болбой жатат. Же мамлекеттик бийликке биздин кайрылуубуз “до лампочки”, же өкмөттө чечкиндүү, реалдуу маалымат бере турган бычакка сап кызматкер жок. Эч нерсе болбогондой өкмөт башчы (Мухамметкалый Абылгазиев) кызматынан жылып кете берди. Калгандарында дух да, максат да жок, просто отчет берип койгонго. Анан ойлоп калат экенсиң, башка мамлекеттердеги чечимдерди салыштырып, “КР уникалдуу социум окшойт” деп. Беларустун президенти Александр Лукашенко бекеринен ВОЗдун ж.б. эл аралык уюмдардын гумжардамынан отказ кылбаса керек да. Эл аралык уюмдар бизге окшогон кедей, бечара мамлекеттерди өздөрүнүн программалары менен биротоло чырмап алган окшойт (?) деген ойлор мени түйшөлтөт

Эрлан Жамгырчиев, өнөр жай эксперти:

-- Дүйнөдөгү өнүккөн өлкөлөр жардамдарын жөнөтүп, берген каражаттарын тизмектеп, анын суммаларын ачык-айкын массалык маалымат майданында көрсөтүп жатышат, мунусуна ыраазычылык аларга! А биздикичи? Биздин бийликтегилерден андай ачык-айкындыкты көрбөй жатабыз. Келген каражаттар, жардамдар кайда кетип атканын эч ким билбейт. Жок дегенде, өзүбүздүн колунда барлардын берген акчалары кайда жумшалганын ачыктап, көзгө сайып маалымат берип коюшса болот беле? Болмок! Андайдын ийненин учундайын да көрө албай атабыз. Баары бүдөмүк. Чала-бучук, бышпаган, чийки маалыматтар айласыздан элди, коомчулукту күдүк ойлорго түртүп келет. Ушундан улам бийликтин аброюна доо кетип атканы да байкалууда.

Анарбек Усупбаев, “Манас ордо” фондунун төрагасы:

-- Коронавирус тууралуу ВОЗдун аттуу-баштуу өкүлү жакында интернет аркылуу “биз туура эмес маалымат бердик” деп кечирим сурады го. Көрсө, бул жөнөкөй эле сасык тумоонун (грипптин) бир түрү турбайбы? Мен ушундай эле түшүндүм. Канча деген киши ооруп, анын баардыгы эле айыгып кетип жатышат. Доктурлар эмне менен айыктырып жаткандарын айтышпайт. Ал эми өлгөндөрү белгисиз оорудан кошул-ташыл экендиги да көп айтылууда. “Акча беребиз, “коронавирустан өлдү” деп койгула” деген кептер да коомчулукта таралууда. Айтор, суроо көп. ВОЗдон келген сапырылган акча дайынсыз жок. Анда-санда штабдагылары “коронавируска чалдыккан, жуктуруп алган бейтапка 130 миң сомдон ашык акча короп, дарыланып атат” деп калышат. Биздин бийлик бузукулардын ушинтип түзүп берген башаламан долбоору алдында калды. Анан кантип четтен келген жана биздин өзүбүздүн колунда бар ишкерлердин каражаттарын кайда жумшаганы боюнча отчет берет? Ага акылдары жетпейт. Алардын акылдары топтолгон каражаттарды кантип сол чөнтөккө сологонго гана жетет. Болду.


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер