Акыркы кабарлар
14:12
» Саясат » Ордуна ким болот? Нурланбек Шакиевди төрагалыктан кетирүүгө негиздер бар...
Ордуна ким болот? Нурланбек Шакиевди төрагалыктан кетирүүгө негиздер бар...
20-март, 09:00

Башмыйзамда расмий тилге уруксат берилген, Кыргызстанда колдонулат, демек, эч кимдин тыюуга акысы жок. Түпкүлүгүндө өзүмбилемдик башаламандыкка, чаржайыттуулукка алып барарын эскертели. Тилекке каршы, парламент төрагасы Нурланбек Шакиев расмий тилге ар дайым каршы чыгып, атургай министр Динара Кутманованы жогорку трибунадан орусча сүйлөтпөй койгон. Кызык, учурда жакырчылык жайылып, социалдык көйгөйлөр курчуп турган чакта, курулай популизм менен алектенүү керекпи? Карапайым калк салыктардын, айып пулдардын көбөйгөнүнө нааразы. Кымбатчылык күн сайын кокодон алып баратат. Калың катмар каржалып турганда, орус тилине кыянаттык кылуу – миллиондон ашык мигранттарыбызга залакасын тийгизүүгө багыт алгандай. Орус-кыргыз мамилесине доо кетирет. Жөнөкөй киши эмес, Жогорку Кеңештин төрагасы стратегиялык өнөктөшүбүз Россияга каршы кыска ойлонгон кыянаттыгын кылып атса... Бизге жеткен маалымат боюнча, Кремль кыргыз бийлигине “түнөрүп”, Нурланбек Шакиевдин кызматтык жоопкерчилигин кароо, төрдөн кулатуу маселеси коюлганы айтылууда. Эл аралык мамилеге шек келтирген билимсиз эргул көпкө узабай калды окшойт. Баса, кийинки өкмөт башчы Жалал-Абаддан болгону жатса, бир аймактан эки негизги фигура көч баштаса, баланс бузулуп, жарашпайт да, туурабы? Эмесе, кийинки төрага ким болот? "Азия Ньюс" гезити











