Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Максат Чакиев: “Оштун мэри Алмаз Мамбетов дүйнөлүк масштабда иштеп жатат”

Максат Чакиев: “Оштун мэри Алмаз Мамбетов дүйнөлүк масштабда иштеп жатат”

19-ноябрь, 11:22
1 751 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Маданият, маалымат жана туризм министринин мурдагы орун басары менен маек.

-- Ош шаарынын брендинин үстүндө иштеп жатасыздар, мунун мааниси канчалык?

-- Азыркы учурда Ошко эмне үчүн туристтер, инвесторлор келбейт? Анткени Ошту эч ким билбейт. Көптөр ойлошу мүмкүн «Ош белгилүү шаар» деп, бирок ошол эле Өзбекстан, Казакстандан келе тургандардын басымдуу бөлүгү билбейт, алыскы чет өлкөлөрдү айтпай эле коёюн. Ошон үчүн шаарлар өздөрүнүн бренддерин иштеп чыгышат. Мунун өзү инвестор тартууга, туристтердин агымын көбөйтүүгө жардам берет. Маселен, сиз деле бир товар өндүрсөңүз, анын өтүмдүүлүгүн арттыруу үчүн жарнама кыласыз, чайханалар кишилер келиши үчүн рекламага барышат. Мында деле ушундай көрүнүш: шаарды таанытпасак туристтердин келиши дээрлик мүмкүн эмес. Байкасаңыз, коңшу Бухара, Самарканд, Андижан өздөрүн жакшы жарнамалашат. Ушуга жараша ал жакты көргүсү келгендердин саны арбын. Казак туугандарда дагы бул жакшы жолго коюлган. Алматы шаарында Көк-Төбе бар. Бирок рекламаны жөн эле кыла бербейт, ал үчүн атайын шаардын брендин алып чыгыш керек. Азыркы учурда Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов ушул демилгени колго алып, кесипкөй команда топтоп, ушунун үстүндө катуу иштеп жатабыз. Ош плов же самсы менен эмес, дүйнөгө бренд менен чыгышы керек. Себеби Ош десе Сулайман тоо жана плов менен самсыны элестетишет. Бирок Ош бул жалгыз эле Сулайман тоо эмес, Ошто канча деген тарых жатат? Кандай деген маданияты, империялар, философиялар жатат? Көп улуттун өкүлдөрү бар. Биз ошонун баардыгын бириктирип, Ош–Жибек Жолу провайдер деген бренд иштеп чыктык. Мунун алкагында мэрдин программасы иштелип чыгып, коомдук талкууга коюлду. 2022-жылы дүйнөлүк масштабда Ош – Жибек Жолу провайдер бренди менен чыгат. Пандемияга чейин Ошко бир жылда орточо эсеп менен миң эле турист келчү, ал эми ковиддин шартында болгону 129 турист келиптир. Ошол эле Өзбекстанга 2 миллион, пандемияда 1 миллион турист кирип жатат. Эгер 2 миллион турист 100 доллардан эле калтырганда 2 миллиард доллар таштаган болот. Азыркы Оштун мэри да туристтердин агымын көбөйтүүнү пландап жатат. Маселен, 2022-жылга 20 миң турист, 2023-жылы 40 миң, 2024-жылы 60-70 миң эс алуучуларды тартууну көздөөдө. Турист деп ички эмес, алыскы чет мамлекеттин жарандарын айтуудабыз. Келген туристтер 100 доллардан калтырса, Ош шаары жарым миллиард сомго чейин киреше таба алат. Бренддин негизги максаты – инвестор менен туристтерди Ошко алып келүү. Буга чейин иштеп кеткен мэрлер жол, канализация, электр энергия, суу, парк сыяктуу маселелерге эле көңүл буруп келсе, азыркы калаа башчы дүйнөлүк масштабда иш алып барууда. Албетте, социалдык маселердин үстүнөн дагы чоң топ иштөөдө, ошол эле учурда Ошту заманбап калаага айлантуу үчүн санариптештирүүнү ишке ашырууда. Ош облусунун, шаардын ичиндеги 21 туристтик объектке QR-код иштелип чыкты. 

-- Ош сиз айткан ири шаарларга атаандаш боло алабы?

-- Азырынча Ош атаандаш шаар эмес. Андижан, Наманган менен дагы теңтайлаша албайт. Бирок, жогоруда айтылгандар ишке ашканда, Оштун дүйнөлүк атаандаштыгы күчөйт. 

-- Туристтерди кабыл алууда инфраструктура болушу керек да. Ош ушуга даярбы?

-- Албетте, Ош даяр. Баардык талаптарга жооп бере алган, заманбап мейманканалар бар, тейлөө маданияты жогору. Туроператорлор бар, Ошто «Жибек Жолу» ассоциациясынын, «Жибек Жолу» кол өнөрчүлөрүнүн кеңселери ачылды. Шаар ичндеги маршруттар иштелүүдө. Интернет ичинде туристтик портал куруу аракети жүрүп жатат. Анткени интернетте Ош жөнүндө маалыматтар туура эмес чыгат. Туристтик объекттердин логотибин даярдоого сынак жарыяланды. Мында көчөлөрдүн карталары, көрсөткүчтөрү, жасалгалары, жадагалса жаңы курулуп жаткан жаңы көп кабаттуу үйлөрдүн дарбазалары бирдиктүү стиль менен даярдалат. Азыркы учурда Ош туристтик, өндүрүштүк же сооданын шаары эмес. Тилекке каршы, иштеп кеткен мэрлер ЖКХнын, тактап айтканда, коммуналдык жумуш менен алектенчү. Жарандар дагы ошого жараша Оштун мэрин суу чыгаргыч, свет күйгүзгүч, көпүрө салгыч, канализицияны оңдогон сантехник катары көрүп келген. Чындыгында мэрдин жумушу – стратегиялык иш. Инвестиция тартуу, шаарды дүйнөлүк масштабга чыгаруу. 


Анархан Алтымышова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер