Эки жаш үй-бүлөсүн кантип сактап калды?
Эки жаш сүйлөшүп жүрүп үйлөнүшөт. Алгач баары жакшы болгону менен акырындап баягы ысык мамиле сууй баштайт. Кичинекей сөздөн эле бири-бирине болгон таарыныч көбөйөт. Бири-бирин сүйгөнү менен ар кимиси өз оюн бербейт, “үйлөнгөнгө чейин сен мени сыйлачу элең, сүйчү элең” деп бири-бирине нааразы болуу башталат. Ажырашкысы келбесе да, мындан кийин чогуу жашоо мүмкүн болбой калганын түшүнүшөт.
Ошондой күндөрдүн биринде экөө отуруп, бул абалдан чыгуунун жолун издешет. “Мен таптым!” деп бир убакта жигит сүйүнүп кетет. “Бакчабызга бир бактын көчөтүн тигели да, экөөбүз убактылуу эки башка жашайлы. Үч айга чейин ал көчөттү эч карабайлы. Турмуш өзү бизге калыс болсун. Эгер ал үч айдын ичинде жакшынакай болуп көктөп кетсе, ажырашпай, үй-бүлөнү сактап калалы. Эгер соолуп өспөй калса, анда ажырашалы”. Бул акыл экөөнө тең жагат. Ошентип эртеси бактын көчөтүн бирге тигишет. Арадан бир ай өтөт. Бир күнү бакчада экөө капысынан жолугуп калышат. Ошол замат экөө тең колдорун аркаларына жашыра калышат. Себеби экөөнүн тең колдорунда суу толгон чака бар эле...
"Азия Ньюс" гезити