Акыркы кабарлар
22:58
» Коом » Россияда Facebook (Meta) иштебей калышы мүмкүн
Россияда Facebook (Meta) иштебей калышы мүмкүн
02-март, 19:27

Акыркы учурдагы Россия менен Украинанын ортосундагы абалга байланыштуу, Россияда Facebook социалдык баракчасы иштебей калышы мүмкүн экендиги тууралуу маалыматтар тарады.
Социалдык тармактарды профессионалдык колдонуучулар ассоциациясынын башкы директору Владимир Зыковдун айтымында, Facebook (Meta) баракчасы маалыматтык согушка активдүү катышып жатат.
“Айрым пропагандалоочу маалыматтарды өчүрбөй жаткандыгынын себеби, алар Facebook (Meta) түйүнүн биротоло иштетпөө максатын көздөп жаткан болушу мүмкүн. Бул нерсе бир гана Facebook (Meta) тармагына эмес, Instagram социалдык баракчасына да тийешелүү” деп белгилейт адис.