Акылбек Жапаров оюндан четтеп, ордуна Каныбек Туманбаев келеби?

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун башына сур булут айланып, карарып баратканы каңкууланууда. Келечеги “кетменделип”, азапка калбайбы? Көмүскөдөн үрөй учурган божомолдор айтылып атса, келечек тагдыры жарга асылбайбы? Олуттуу өңүтүнөн караганда, соңку кездери рейтинги көтөрүлүп баратканы, натыйжада, ошонун кесепетин тартабы? Сыягы, сай сөөктү сыздаткан суроолор реалдуулукка айланбайбы? Кудай сактасын!
Акылбек Жапаровдун ордуна президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаевдин аты аталып, алдыртан күбүр-шыбыр кеп кетти. Бул божомол чын чыгабы? Буга чейин деле Каныбек Туманбаев үчтүн бири катары алдыга озуп, Акүй, Көкүйдөгү чиновник, депутаттарды чөгөлөткөндөй образ күтүп, убактылуу мартабага жетишкени жашыруун эмес. Эми өкмөт башчылыкты минсе, Садыр Жапаровдон кийинки орунду ээлеп, өлкөнү башкарууда “эки тизгин бир чылбырды” колго алабы? Бирок экономиканы, каржы саясатын тереңден түшүнбөгөнү аксатып койбойбу? Эл уттурбайбы? Мамлекет эл аралык алкакта аксап калбайбы? Ооба, жети өлчөп бир кесүү керек.
Аныгында, Акылбек Жапаров оюндан чыкса, аны камап же “жазалоо-кустуруу” аракетине барышса, көпчүлүк алаксып, бийликтин бедели көтөрүлүп кетеби? Айтор, билермандар тымызын “тон бычып” жатышкандыр. А реалдуулукта калың катмарга кандай кабылданат болду экен? Иш жүзүндө күзгө карай күтүүсүз оюндар орун алып, кезексиз президенттик шайлоого да кам көрүүлөр башталары айтылууда. “Бийлик үчүн ата-бала бири-бирин өлтүргөн” тарыхтарды эске алсак, бул таризде аяна турган эч ким жокпу? Төбөлдөр... Ой! Мындан аркысын гезиттин кийинки сандарында чечмелейли...
"Азия Ньюс" гезити