Алмамбет Анапияевдин өлтүргөндөр жакында ачыкталабы?

ИИМди Мелис Турганбаев жетектеп турганда Минскиден Алмамбет Анапияев өлтүрүлүп, ашпозчусу Гүлжигит Абилазизов күбө катары сурак берген. Бул баланы милиция кызматкерлери жашырышкан. Айрым булактардын божомолунда, дал ошол Гүлжигит шектүү катары жазылганы, Алмамбеттин көзүн тазалоого салым кошкону ыраспы? Эмне үчүн бүгүнкү күч органдары чуулгандуу кылмыш ишин тыкыр иликтешпейт? Коомчулук чындыкка жетиш керек да. Эгерде Гүлжигит Абилазизовду кайрадан суракка алуу менен жаңы ачылган жагдайларды дагы карашып, калыс маанайында иликтөө, тергөө иштери жүрсө, Алмамбет Анапияевди кимдер өлтүрүшкөнү алаканга салгандай ачыкталабы? “Кыңыр иш кырк жылда билинет” дегендей, бул чийеленген иштин изине түшчүлөр чыкса керек. Чыныгы кылмышкерлер жакында жарыяланышы зарыл.
"Азия Ньюс" гезити