Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эмомали Рахмон кең пейил, ак көңүл адам, аны чагымчылар пайдаланып жатышат

Эмомали Рахмон кең пейил, ак көңүл адам, аны чагымчылар пайдаланып жатышат

24-ноябрь, 19:30
1 495 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргызстан элдик курултайга чоң салам айтып, катышуучуларынын иштерине ийгилик каалайм. Мен дагы 30 жылдан бери чыныгы элдик курултайды күтүп жүргөндөрдүн биримин. Мындан ары кыргыз элинде, Кыргыз мамлекетинде жаңы доор башталып, чоң өнүгүүлөр, жакшы өзгөрүүлөр болот деп ишенем. 

Кыргыз элибиз байыркы улуу элдерден экендиги дүйнөгө белгилүү. Миңдеген жылдар тарыхы бар кыргыз элибиз өткөн замандарда, эсеби жок уруш-талаш, согуш, талап-тоноо баскынчылык доорундагы мезгилдерден азыркы заманга чейин атыбызды, затыбызды жоготпой сактап келген бактылуу элдерденбиз жана кыргыз экендигибизге сыймыктанабыз. Тагдырыбызга ыраазы болуп, Жаратканга шүгүрчүлүк келтиребиз. Кыргыз эли кылымдар катмарында жоголуп кетпей, аман-эсен жашап келе жатканыбыздын себеби: биринчиден, Жараткандын колдоосу деп билсек, экинчиден, ата-бабабыздын, Умай энелерибиздин, миңдеген жылдар бою калыптанган каада-салт, үрп-адат, адеп-ахлактарыбызды бекем кармап келе жатканыбызда деп айтар элем. Биз мындан ары да ошол салттарыбызды бузбай бекем тутсак, дагы миңдеген жыл кыргыз эли жашай берет. Себеби, анда аталарыбыз мурас кылган элдик курултай бар. 

Элдик курултайда бийликке жетпей, бийлик менен элдин ортосундагы чыңалууну пайда кылган көптөгөн маселелер, нааразычылыктар талкууланып, чечилип, бийлик менен элдин ынтымагы бекемделип, ишеним артып, дем берип, өнүгүп, бакубат мамлекет болушуна шарт түзөт. Президентибиз Садыр Жапаров башка президенттерибизден айырмаланып, ушуларды сезе, көрө билип, элдик курултайга чакырып отурат. Элибиз “качан жакшы бир президент келип, мамлекетибизди өнүктүрөт?” деп күтүп жүрүшкөн. Эми элибиздин үмүтү орундалгандай болду. Президентибиз чечкиндүүлүк кылып курултайга чакырып, эрдик кылып жатат. Бул – президентибиздин үчүнчү эрдиги. Биринчиси – Кумтөрдү элге, мамлекетке кайтаруу болсо, экинчиси – президенттик башкарууну киргизип, кыйынчылыктардан коркпой, баардык жоопкерчиликти, милдеттерди өзүнө алганы. Башка президенттерге окшоп амалкөйлүк кылып, ийгиликтерди өзүнө ыйгарып, кемчиликтерди башкага оодарбай, тазалыкты, чындыкты тандап иш жүргүзө баштаганы. Биз көпкө күткөн кыргыз элибиздин чыныгы атактуу мамлекет башчылары Ж.Абдрахманов, И.Раззаковдун жолун улантуучу президент келди деген ишеним пайда болду. А.Акаев түптөп кеткен, 30 жылдан бери терең тамырлаган коррупция, адилетсиздик, ачкөздүк, алдым-жуттум сыяктуу жаман жоруктарды жоюп, мамлекетти алдыга карай өнүктүрүүгө элдин жардамысыз ишке ашпай тургандыгын көрө билип, эл менен кеңешип атканы – анын акылмандык кылып жатканын билдирет. Бул мактоо эмес, чындык. 

Мен курултайда бир маселени көтөргүм келет, ал төмөндөгүчө. Чыгышта Алтайдан баштап, Батышта Хазар (Каспий), Кара деңиздин аймактарына чейин Улуу-Талаада миңдеген жылдар бою көчмөн түрк элдери жашап, түрк дүйнөсү болгон. Аларды батышта “скиф” дешсе, чыгышта “сактар” деп аташкан. Орто Азия да Улуу-Талаа чөлкөмүнө кирип, Туран деп аташкан. Кыргыз эли түрк элдеринин курамында миңдеген жылдар бою ушул Туранда Алтайдан Ала-Тоо аралыгында көчүп-конуп жашап жүрүшкөн. Туранга кошуна түштүк чөлкөмдү Эран деп аташкан. Эранда Перс падышачылыгы болуп, ал чөлкөмдө перс элдери отурукташкан. Алар кошуна болгондуктан, Туран менен карым-катнашта болушкан. Өз ара согушуп да турушкан. Кыргыздар байыркы заманда ошол Турандын (Орто Азия) баардык аймагында, айрыкча Фергана өрөөнүндө көчүп-конуп жашап, дээрлик чөлкөмдө жерлердин кыргызча аттары толтура болгон. Фергана өрөөнүндө Памир-Алайда жана Чыгыш Түркүстанда ХХ кылымдан баштап союз убагында ал жерлер башка республикаларга өткөрүлүп, башкача атала баштаган, буга көп далилдер бар. Ошол далилдердин бири, эң жаңысы, жакында эле Тажик Республикасында кыргыздар эзелтен бери жашаган Жерге-Тал районунун атын жоюп, тажикче Лакшы району деп атап коюшту. Жерге-Тал районундагы баардык айылдар кыргызча аталат, Кошой деген айылы да бар. Алар айылдарды акырындап тажикче атап жатышат. Жерге-Талда кыргыз боордошторубуз катуу басым-кысым астында жашашат. Чоң-Алайдан Кызыл-Суу дарыясы Жерге-Талдан өтүп, андан ары Кара-Тегин өрөөнү деп кыргызча аталган. Ошол өрөөндүн ичиндеги Гарм, Тажикабад районунда жашаган тажик элдердин көбү сүйлөшүп ата-тегин сурашканда, “биздин ата-бабабыз кыргыз болгон” дешет. Алар ассимиляцияланып тажикче сүйлөп калышкан. 

Миңдеген жылдар бою Орто Азия – Туранда кыргыздар көчүп-конуп жашаган болсо, башка түрк элдери отурукташып, мамлекеттерди, хандык, кагандыктарды түзүшүп, Хива, Бухара, Самарканд, Үргөнч, Түркүстан ж.б. шаарларды негиздешип курушкан. VII-VIII кылымдарда арабдар Орто Азия – Туранга келишип, түрк элдерин жеңип, ислам динин орното баштаган. Согушта көп түрк элдери курман болушуп, шаарлардан эл качып, аз эл калган. Арабдар элди толуктоо үчүн шаарларга өздөрү мурда жеңип алышкан Эрандан (Персия) перс тилдүү элдерди алып келишип, курулуш, тейлөө, эсеп, салык жыйноо, дыйканчылык, устачылык, башкаруу иштерине колдонушуп, перс тилдүү элдер көбөйгөн. XIX кылымга чейин аларды фарсийлер – перстер, сарттар деп аташкан. Перстер же сарттар баштарына саймаланып кооздолгон кызыл-тазыл (короздун таажысына окшогон) допу кийин жүрүшкөндүктөн, аларды “тажиктер” деп аташкан. Тажик деген сөз түрк тилиндеги “таажы” деген сөздөн алынгандыктан, тажик деген атты аларга түрк элдери берген. Совет учурунда Тажикстан Республикасы пайда болуп, мына эми XXI кылымда тажик улутчул-шовинисттери Кыргызстандын жерлерин талашып, согуш ачышып, чоң ката кетирип жатышат. Карапайым тажик эли жүздөгөн жылдар кыргыз эли менен достошуп, кыз беришип, келин алышып, туугандашып келишкен. Согуш тутантып жаткандар Ходженттеги жана Исфарадагы улутчул-шовинисттер. Согуш токтогондо да алар атайын чек арада провокация кылышып, чыр чыгарышып, согуш отуна май чачып, тутантып турушат. Союз убагында ходженттиктер Тажикстанды бийлеп, жогорку бийликте көп турушкан. Эми 30 жылдан бери Тажикстанды Хатлон облусунан чыккан Эмомали Рахмон башкаргандыктан, ходженттиктер бийликтен четтетилген. 90-жылдары бийлик талаш ички согушта ходженттиктер менен каратегиндиктер Э.Рахмондун бийлигине каршы согушуп, жеңилип калышкан. Эми Эмомали Рахмон карып калганда ходженттик улутчул-шовинисттер, провокатор генералдар жергеталдык талаа командири Шох Искандер менен бирге Рахмондун айланасындагы ишенимдүү адамдарын колго алышып, чагымчыл маалыматтарды беришип, Кыргызстан менен согушка түртүштү, ошону менен Э.Рахмонду жаман көргөзүшүп, бийлигин начарлатып, өзүн изоляциялап туруп, бийлигин тартып алууну көздөшөт. Эмомали Рахмон өзү кең пейил, ак көңүл адам, провокаторлор анын ишенчээктигинен пайдаланып жатышат. Биздин тышкы иштер жана коргоо министрликтериндеги чалгындоо адистери ошолорду изилдеп, аныктап, Э.Рахмонго беришсе жакшы болмок. 

Эми Баткен жөнүндө айтсак. Баткен деген аталыш өткөн ХХ кылымдын 50- жылдарындагы картада жок болчу. Картада Баткен деген аймакта Каңсык деген айыл гана бар болчу. Баткен деген ат 60-жылдагы карталарда пайда болгон. “Баткен” деген фарс тилинде “бат” – бул шамал дегени, “кен” дегени бул кыргызча сөз, бириктиргенде “шамалдын кени” дегенди билдирет. Ошол убактарда карта түзүшкөн адистер тажик улутунан болгондуктан Баткен деген ат коюшкан. Андан ары тажиктер жашабаган Өзгөн районундагы суунун атын да тажикче Хуршоб деп коюшкан. “Хурш” дегени бул – “каир” же “киргилт” дегенди билдирсе, “об” деп сууну айтышат. Кийин ал кыргызча Куршаб аталып калган. Баткен чөлкөмү Кыргызстандын түштүктөгү бекем чеби болот. Ушуларды эске алып жана 1999-жылы, 2021-2022-жылдары Баткенди коргогон согушта өз жерин, элин баатырларча коргошуп, курман болгон жигиттерибиз – Манас атабыздын урпактары, ошолордун урматына Баткен облусунун атын өзгөртүп, Манас облусу деп, Баткен шаарын Семетей шаары, Баткен районун Ичкилик району деп атоону элдик курултайда талкуулоону сунуш кылам.


Акмат Саитбеков, Баткен шаары

Тел.: 0220-60-99-96 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер