Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Салыктын түйшүгү чындыгында эле баарыбызды кыйнап койду”

“Салыктын түйшүгү чындыгында эле баарыбызды кыйнап койду”

17-декабрь, 18:33
1 125 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Салык кызматынын башчысы менен бир катар жетекчилердин кармалышына, ири коррупциялык иштердин ачылышына күбө болдук. Ансыз да бул система коомчулукта нааразычылык жаратып келатканда, мындан аркы келечегин кандай элестетебиз?

Бакытбек Усенбаев, серепчи:

-- Салык кызматынын башчысы жана бир катар жетекчилери кармалганы – бул акылга сыйбаган нерсе! Мен үчүн “карышкырга кой кайтарткандай эле болду. Президенттибиз, УКМК жетекчиси коррупцияга каршы күрөшүп, тамырын кырка албай жатса, салык кызматкерлери өздөрү жаза басышканы уят эле. 

Кыргыз элинде билимдүү жаштар көп, кызматка барайын десе баары тааныш-тамырга байланып, жаштар иштей албай, коңшу өлкөлөргө контракт менен кетишүүдө. Мына ушундай билимдүү жаштар салык кызматына келип, чын дилден иштеп беришсе, өнүгүү жолуна түшүп, пенсия, жөлөк пул дегендер көтөрүлүп, элдин жашоосу жакшырмакСалык кызматы жок дегенде элге бир жылда бир так маалымат берип турушу керек. Ошондо ачык айкындуулук орун алмак.

Турсунбай Бакир уулу, молдо:

-- Велосипедди жаңыдан ойлоп чыкпай, коррупцияга малынбай, таза иштеген мамлекеттик мекемелердин тажрыйбасын эске албайлыбы? Айтмакчы, Грузияда да коррупцияны ушинтип жеңишкен. 

2002-жылы 25-октябрда Жогорку Кеңеш мени тунгуч акыйкатчы кызматына шайлаганда, 10-декабрь күнү Ыйык Куранга колумду коюп, Аллах Тааламдын ысымы менен ант берип, кызматыма киришкенден кийин алдымда “эми уятка калбай, элдин үмүтүн актоо жана жаңы конституциялык мекемени таза иштетүү үчүн мыкты эмгек жамаатты кантип түптөйм?” деген маселе туруп калды. Ошондо “конкурстун негизинде КР акыйкатчысы аппаратына жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүн кабыл алабыз” деп гезиттерге жарыя берүү жөнүндө жакшы ой келди. Төрт кишиден турган комиссия түздүм да, конкурска катышкан баардык каалоочуларды электен өткөрүүнү баштадык. Кудайга шүгүр, Кыргыз Республикасында жаңы мамлекеттик органдын ордун бекемдөөдө, элдин ишемине кирүүдө, эл аралык чөйрөдө атын чыгарууда ушул жамааттын эмгеги зор болду! 

Салык, бажы кызматына, жадагалса күч структураларга да ушинтип кызматкерлерди терип алууну сунуштайт элем. Өлкөбүз боюнча компьютердик “кара тизмени” түзөлү. Бир жолу коррупцияга маалынган же мыйзамды одоно бузган адам башка мамлекеттик кызматка эч качан барбашы керек!

Мирлан Орозбаев, серепчи:

-- Салыктын түйшүгү чынында эле элди кыйнап койду. Буга чейин салык төлөп жүргөн бизнесмендер салык төлөөнүн да жолун таап алышкан. Алар ар кандай өзгөрүүлөргө даяр болушат. А карапайым эл күтүүсүз салыктарды түшүнгөнгө чамасы жеткиче үстүнө олчойгон штраф кошулуп, айласын таппай калып жатышат. Маселен, карапайым эл үй, машинасына төлөй турган салыктын тууму көбөйүп кетип, аны төлөй албай кыйналышууда. Апам 10 жыл мурун саткан машинасынын салыгына 100 миңден ашык төлөп, биз да жүдөдүк. Салык десе эле ойго, түшкө кирбеген түрлөрүн көбөйтө бербей, кичине элди да ойлоп коюшса болот эле. 

Акылбек Жапаров триллиондорду эсептеп, салыктын түрүн көбөйтүп, бюджетти жогорулатуунун аракетин көрүп жатат. “Триллион” деген сөздү Акылбек Жапаровдон угуп жатабыз. Баарынан кызыгы, элдин терисин сыйрыган тармактын жетекчилери коррупцияга шектелип кармалганы – бул да ойлончу маселе. Калк ырыскысына кол салгандарга кечирим болбошу керек


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер