Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сүйүнбек Касмамбетовдун ордуна мамлекетчил кадр келбесе, абал чатак!

Сүйүнбек Касмамбетовдун ордуна мамлекетчил кадр келбесе, абал чатак!

08-июль, 10:50
1 749 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыска аралыкта президенттик аппараттын башчысы Сүйүнбек Касмамбетовдун былык иштери тар чөйрөдө талкуу жаратып, бийликти артка тартып атканы айтылууда. Кадр саясатына ыксыз кийлигишип, көлдүк жердештерин, тууган-урук, жээк-жааттарын бүтүндөй баардык системага тыгып атканы кандай? “Шибегени капка ката албайсың” дейт. Анын сыңарындай, Сүйүнбек Касмамбетов мамлекеттик деңгээлдеги пайдалуу иштерди жасагандын ордуна, кызмат, байлык кумарына кирип кеткени эмне менен аяктайт? Өкүнүчтөр алдыда! Биздеги баардык президенттерди аппарат башчылары, айланасындагы аткошчулары бузуп келгенин эске алсак, эмесе, кеч боло электе Садыр Жапаров туура баа берүүгө, арканды алыс ыргытууга камылга көрүшү керек. Эң башкысы, Сүйүнбек Касмамбетовдун ордуна профессионал, мамлекетчил кадр дайындалбаса, эртең кырдыбычак абал жаралбайбы? Убакыт күтпөйт, тездеш керек! “Жандооч кийик аттырат” дечү эле... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер