Маркумдарга эстелик коюу, арча, бак тигүү, гүл өстүрүү эркин болсун!

Көрүстөндөр темасына келгенде, этият мамиле жасаш керек. Кыргызстандын кайсы гана аймагы болбосун, маркумдар жаткан жер кастарланып, баркталууга тийиш. Ооба, жерибиз кенен. Мындай шартта мүрзөлөрдү түрттүрүү, кайсы бир жылдар өткөндөн кийин тегиздөө ишараты жасалбасын. Союз кезинде 50-70 жылда көрүстөндөрдү тегиздөө, ал жерлерди пайдалануу демилгелери көтөрүлүп келген. Бул ата-бабаны сыйлабастык да. Жер менен жексен кылуу, барксыздыкка алып баруу акылга сыйбайт. Маркумдар жаткан жер мазар катары байыртадан сакталып, жогорку деңгээлде урмат-сыйга алынууга тийиш. Кийинки жылдардагы орустардын, еврейлердин, арабдардын идеологиясына, саясатына басынбай, кыргыз улуттук өзөгүн карманышы керек. Ал эми маркумдарга эстелик коюу, арча, бак тигүү, гүл өстүрүү ар кимдин аракетине жараша боло берсин. Жат көрүнүштөрдү таңуулабай, тыйбай, бул жааттан эркиндикке чектөө койбогула!
"Азия Ньюс" гезити