Цивилизация жана көчмөндөр тагдыры, же кайдасың менин “Бүркүт уям”?

(Публицистикалык поэма)
Алыстан көрсөң калааны,
Калдаят мунун барааны.
Шак этип көзгө урунат,
"Капиталдын" карааны.
Базардын чыгып ажары,
Жүрүп турат арааны.
Кымгууттуктун ичинен,
Көрөсүң түркүн балааны.
Тарттырат сага санааны,
Тарчылыктын заманы.
Алдыңды тосот ар кандай,
Заң-закүндүн талабы.
Аргымагың туттугуп,
Тыбырайт туяк-таманы.
Эреже чырмап жаныңды,
Эңсейсиң жапан талааны.
***
Калаада калктар көбөйүп,
Кайнап турат быкпырдай.
Эгемендик алганда,
Жаш элек анда кырчындай.
Эркиндик заман келгенге,
Жакында болот кырк жылдай.
Бирок, көйгөйлөр турса жеттигип,
Көңүлүңө кеч кирип,
Чыдабай кетип ызама,
Ыйлаймын кээде эчкирип.
***
Жашайбыз качан басынбай,
Кыргыз тил багы ачылбай,
Кыргызча көрнөк жазылбай.
Англисче жайнаган,
Көрнөктөр сели басылбай.
Өтүгүн төргө илгендер,
Бишкекте сайдын ташындай.
Өздөн чыккан жат жандар,
Өгөйлөйт тилин касындай.
Чара көрөр мэрия,
Жай жатат буга шашылбай.
Мамтилди тепсеп жатканды,
Кабыланча качырбай.
Адат болгон чет тилдин,
Аркасына жашынмай.
Эне тил жарпы жазылбай,
Арманы аттын башындай.
Чиновниктер капырай,
Өз элинин жатындай.
Жашайсың качан эй кыргыз,
Намысты колдон качырбай.
***
Кабыл ал сынды жаңылбай,
Айткан сөзгө таарынбай.
Карап турсаң Бишкегиң,
Орустун бир шаарындай.
Колорити Чыгыштын,
Санаага салат табылбай.
Борбордогу кафелер,
Айылга үлгү болушса.
“Менюлары” бирок да,
Жалаң гана орусча.
“Менюдан” бир сөз таппайсың,
Улуттук тилиң боюнча.
Уста болгон бардыгы,
Кыргыз тилин “союшка”.
***
Официант кыргыз кыздарын,
Байкасаң көөнүң кайгырат.
“Эсепте” десең таңгалып,
“Счетпу?” деп кайрылат.
“Эмненин эти?” десеңиз,
“Говядина” дейт бүт баары.
“Уйдун эти” деп айтуу,
Оона келбейт түк дагы.
“Шорпоң неден?” десеңиз,
“Баранина” деп айтат.
Кафеде кыргыз боло албай,
Роботчо кеп айтат.
Борбордогу кафелер,
Тили буруу “акелер”,
Улуттук тилди карабайт,
Тилиңди тил деп санабайт.
***
Кафесинде кыргыздын
Музыкасы Батыштын
Кулак-мээни жеп турат
Музыка уйгур кафеде,
“Уйгур”, “Уйгур” деп турат.
Өзбектин кафеси,
Өзбекче кеп курат.
Өзүн санап улут деп,
Улут наркы улук деп,
Кафесине түрк тууган,
“Стамбул” деп ат койду.
Чайханага өзбек,
“Улукбек” деп бат койду
Кафесине кыргыз да,
Ат коюуга шашыптыр.
“Монте-Карло” деп атап,
Англисче жазыптыр.
Өз тилинен качыптыр,
Баарынан кыкең ашыптыр.
Тарыхын билбей таалайсыз,
Тамырын кыркып жатыптыр.
***
Кыргызмын деген бирөөнүн,
Кылыгы кылат кыжаалат.
Кымындай болгон чүрпөнүн,
Чет тилде тилин чыгарат.
Билбейби кылып жатканын,
Эртеңкиге кыянат.
Бир далай кыргыз, аттиң ай,
Сыйкырлап бирөө койгондой.
Улуттугун тааныбай,
Уктап жатат ойгонбой.
Ар-намыстуу тоолуктун,
Айныды неге тукуму?
Шаар көргөн эчкиден,
Түңүл деген ушубу?
***
Кыргыздын борбор шаарында
Кыргыз тил качан өнүгөт?
Бийиктен качан көрүнөт?
Маңкурттугун ар кыргыз,
Жойгондо гана өнүгөт.
Атасын “папа” дегенди,
Койгондо гана өнүгөт.
“Мама” деген өнөкөт,
“Тоңгондо” гана өнүгөт.
“Ата”, “Апа” тууруна.
Конгондо гана өнүгөт.
Ар бир кыргыз патриот,
Болгондо гана өнүгөт.
Көкүрөккө ар-намыс,
Толгондо гана өнүгөт.
Бешиктен баштап тарбияң.
Оңгондо гана өнүгөт.
Эне тилдин эмчегин,
Соргондо гана өнүгөт.
Эне тил эмчек сүтүнө,
Тойгондо гана өнүгөт.
***
Ак калпак элде туулган,
Ааламга салган чуулган.
Манас, Чыңгыз ысымы,
Бир көчөгө тыгылган.
Неге мындай кылынган?
Манас неге кысылган?
Аяшкан неге көчөнү,
Айтматов деген ысымдан?
Баш-аягын көчөнүн,
Ээлесе Манас болбойбу?
Намысты чоңдор ойлойбу?
Сагымбайдай дөө-шаага,
Чолок көчө берилет.
Упузун болуп жанында,
Киев көчө керилет.
Көрүп туруп ушуну,
Көңүлүң кантип семирет?
Келеличи берилеп:
“Карпинский”, “Правда”,
Жаңырып күндө туулат.
Түгөлбай ата ысымы,
Не үчүн четке куулат?
Четтен келген аттарга,
Мэрия неге сыйынат?
Ала-Тоолук баатырлар,
Көчөсүн таппай буюгат.
Кулдук адат, Кудай ай,
Борбордо качан тыйылат?
***
Базарга баары чырмалып,
“Капитал” ыры ырдалып.
Адамдын баары куу болду.
Телкүрөң жылкы тебилип,
“Темир ат” бизге туу болду.
Дайрадай агып моторлор,
Көчөнүн баары чуу болду.
“Темир сел” каптап борборду,
Абанын баары уу болду.
Дүрүлдөп башты маң кылган
Машинаң заман кутубу?
Адамга ууну жуткузган,
Прогрессиң ушубу?
Тыгындардын азабы,
Теңирден келген жазабы?
Машина деген жөргөлөк,
Акылдан чыккан катабы?
***
Эркиндик деген гүлбагың,
Кең эле бүгүн тар болду.
Аралай агып “темир сел”,
Гүлбагың мүлдө чаң болду.
Таза аба таппай жутарга,
Ардагер атам зар болду.
“Булганыч шаар” аталып,
Дүйнөгө Бишкек даң болду
Баягы жашыл түр кайда?
Жыпарын чачкан гүл кайда?
Түгөлбай, Аалы аталар,
Кериле баскан күн кайда?
***
Карачы мобу арчаны –
Табияттын сулуусун.
Шаардагы арчаңдын,
Көргөн күнү курусун.
Жаратылыш кор болсо,
Айтпаймын кантип мунусун.
Конушу шаар толтосу,
Эки жолдун ортосу.
Миң сандап жүргөн мотордон,
Шорунун кайнайт шорпосу.
Дем ала албай муунуп,
Түтүнгө арча уугуп.
Машина деген жөргөлөк,
Багына каршы туулуп...
Ыш-көөгө күн-түн ышталат,
Тулкусу бензин жыттанат.
Өзөгүнө дарт кетип,
Өмүрү күндө кыскарат.
Жанындагы балаты,
Байкуш ай, бу да бүлүнүп.
Бүркүлгөн ууга чыдабай,
Бүрүнүн көбү күбүлүп.
Жашоонун тартып кордугун,
Жанынан турат түңүлүп.
Айланайын о арчам,
Тагдырдан неге кемидиң?
Арчасы элең сеңирдин,
Ээн тоодо ыргалган.
Эркеси элең теңирдин.
Ак булут менен өбүшкөн.
Кайберен менен көрүшкөн.
Көркү элең тууган жеримдин,
Шаарга неге кабылдың,
Чыргага кантип чалындың.
Ыш-көөгө турсаң курчалып,
Жаныңды турса муң чалып,
Жабыркап мен да кейибей,
Жатамын кантип тынч алып?
Ырдабайм кантип муңканып,
Өңкүлдөгөн куу турмуш,
Өчөштү неге мынчалык?
***
“Башчысы болбой марыбайт,
Башаламан жарыбайт”
деп айтылат “Манаста”.
Айтайын сөздү жарашса,
Арзырлык кеп деп санашса.
Ажолор ээрин кашыды,
“Башынан балык сасыды”.
Бузулуп башчы басыгы,
Кожоюндар эл мүлкүн
Коңулдарга ташыды.
Мекенимдин байлыгын,
Менчикке басып алышты.
Шолоп, шолоп алтынды,
Сол чөнтөккө салышты.
Казынаны талашты,
Каршы чыккан Садырды,
Кармап алып камашты.
Сыртынан кооз көрүндү,
Эркиндиктин “аралы”.
Ич жагынан карасаң,
Башыңдан ашат арамы.
Көккө “учуруп” жемкорду,
Элдин берген парасы.
Итий болуп коңшунун,
Ооруп жатса баласы,
Особнякта “иттердин”
Чардаганын карачы!
***
Башалман башталып,
Калайык калкым ач калып,
Мамлекет тизгинин,
Криминалдар башкарып.
Ала-Тоо элек, пас болдук
Ала-Көл элек саз болдук.
***
Миссионер бизге жутунду,
Ары жок ишке тукурду.
Жаш кызга “секс” үйрөтүп,
Шапиро үрөй учурду.
Ар динге жаштар тутулду,
Көчмөндүк адеп бузулду.
Балдарың чектен чыгышып,
Баңгизат менен кутурду.
Кыздарың “түнкү көпөлөк”,
Кыргыздын кутун учурду.
Көөдөндөн кетип ар-намыс,
Көчмөнүң минтип утулду.
***
Жемкоруң чектен ашканы,
Жегенден билбей башканы.
Сугунуп койгон турбайбы,
ТЭЦке келген акчаны.
Жетекчи деген неменин,
Ушубу элди бакканы?
Куураган кулкун айынан,
ТЭЦ жарылды кышында.
Калк калчылдап үшүдү,
Январдын музунда.
Кырсык басты борборду,
Как чилденин тушунда.
Жемекейдин башына,
Жеке жыргал туш болду.
Жеп-ичкендин акыры,
Элге тийген муш болду.
Ич ачышып туз болду,
Жүрөктөргө муз тоңду.
Жетекчинин жыргалы,
Элдин болду кууралы.
Бул сабакты эстеп жүр
Жемкорлукту кектеп жүр.
***
О көчмөнүм, көчмөнүм,
Тоолордо эркин көчкөнүм.
Оозунан кумдай куюлтуп,
Ыр, дастанды төккөнүм.
Конушуң таштап тоодогу,
Шаарда бүгүн жашайсың.
Кайберен этин жечү элең,
Бүгүн чочконун этин ашайсың.
Аркаңды салып бозүйгө,
Цемент тамда уктайсың.
Улардын үнүн укпайсың.
Крандан хлор суу ичип,
Мөл булак суусун жутпайсың.
Цирктин аты сыяктуу,
Тар аянтта чуркайсың.
Бүркүтү элең тоолордун,
Бүгүн тордо отурган куштайсың.
***
Эстесем жакшы жагыңды,
Кечээки нарктуу чагыңды.
Мейман келсе үйүңө,
Таштап ийип жаныңды,
Алдына коюп наныңды,
Көтөрүп чаап сойчу элең,
Эң акыркы малыңды.
Адебиң азыр кандай деп,
Ар кимден сурап эшиткем.
Опосуз сенин жашооңду
Окугам далай гезиттен.
Нарктуулугун шаардык,
Сандыкка салып бекиткен.
Каалгаңды чертсе коноктор,
Карайсың бүгүн тешиктен.
О бүркүтүм, кечээ эле,
Аскаларда шаңшыган,
Тоок болдуң сен бүгүн,
Тар күпкөдө жашаган.
Чычкан алып калаадан,
Майдаландың бүркүтүм.
Ак чокуңдан ылдыйга,
Тайгаландың бүркүтүм.
Жоготуп зоодо уяңды,
Кайда калдың бүркүтүм?
***
Ата-бабаң жасаган,
Кереге-уугуң чачылган.
Бозүйүң жасап темирден,
Адашыпсың акылдан?
Баягы сонун түр кайда?
Ак койдон кырккан жүн кайда?
Каякта кийиз үзүгүң?
Түндүктөн тийген күн кайда?
Жанында өскөн гүл кайда?
Жашыл шибер бүр кайда?
Темирди сүйүү азабы,
О пендем сенин бир күнү
Темирдей жаның катабы?
Ушинтип кутуң качабы?
О бүркүтүм термелем,
Кучагында санаанын.
Тумандагы тагдырдын
Таппай турам амалын...
***
О борборум, борборум,
Өзүңө боор толгодум.
Көрсөм деп дайым тилеймин,
Башыңа бакыт конгонун.
Азырынча борборум,
Айылга өрнөк болбодуң.
Жакшы жагың болсо да,
Купулга толук толбодуң.
Көргүм келбейт борборум,
Пейлиңдин муздай тоңгонун.
Нарксыздыктан булкунуп,
Жарып чыкчы коргонун.
***
Эми дайым эле кыш болбос,
Дайым эле муз болбос.
Дайым эле турбайт го,
Күндү жапкан көлөкө.
Соңку сөздү тууганым,
Буралычы бөлөкө.
***
Чынында эле жок белем,
Көрүнгөн тоонун ыраагы.
Мынакей, бүгүн башбакты,
Жакшылыктын жышааны.
Кыргыздын Садыр баласы,
Кайрадан жанып чырагы,
Чөөлөрдүн мойнун бурады.
Курутуп келген Кумтөрдү,
Кузгундун туусу кулады.
***
Ташиев карап турабы,
Танкадай экен бу дагы.
Таасын экен сурагы.
Желкеден алып “кустуруп”,
Жемкордун башын жулабы?
Чагып жатат Ташиев,
Кылмыштардын “жилигин”.
Уюгун бузуп жок кылды,
Криминалдар пиринин.
“Корбашыга” кол салган,
Колунан келди киминин?
Тазалады президент
Таможнянын “чиригин”.
Көтөрүп жатат президент
Пенсия, айлык билигин.
Нака билет Сүйүнбек,
Нарктуулуктун илимин.
Чыгарып чаңын тилинин,
Көтөрүп жатат Сүйүнбек,
Көпчүлүктүн билимин.
Казынанын Акылбек
Бүтөп жатат тешигин.
“Сол чөнтөктүн” Акылбек
Жаап жатат эшигин.
***
Кадрларын кайракка,
Бүлөп жатат президент.
Нарктуулукка эл-журтун,
Сүрөп жатат президент.
Сазга баткан өлкөнү,
Сүйрөп жатат президент.
Манас, Манас, Манас деп,
Сүйлөп жатат президент.
Ырасында эл-журтту,
Ыйык Манас колдосун.
Мындан ары кыргызда,
Кризистер болбосун.
Ак калпак элдин байлыгын,
“Ач кенелер” сорбосун.
Оң жолго түшсө көчүбүз,
Жолтоо кылган оңбосун.
Тегиз туруп күрөшсөк,
Теңирим ишти оңдосун.
Өлкөбүздүн баарылап,
Чыгаралы жоргосун.
Бабалардын нарктарын,
Балдарыбыз жолдосун!
Советбек Байгазиев, Кыргыз эл жазуучусу
"Азия Ньюс" гезити