Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Волочкованын кармаган диетасы. Толук аялдарга кеңеш

Волочкованын кармаган диетасы. Толук аялдарга кеңеш

16-ноябрь, 22:42
713 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Россиянын атактуу балеринасы Анастасия Волочкованын акыркы мезгилдерде өтө эле арыктап кеткенин байкагандар бар.

Жакында эле Анастасия кантип арыктаганын жана күнүмдүк тамактануусунун рациону кандай экенин, толук аялдарга берген кеңешин Инстаграмм баракчасына жазды.

Албетте, бул диетаны баштаарда эч кимге жар салбаганын айтат. Анткени, диета кармагандан мурда анын жыйынтыгы көрүнүш керек дейт.

Бир күндүк тамактануу рационунда Волочкова салаттын жалбырактарын, бышырылган же чийки жумуртка, сууга бышкан тоок эти, ачуу чили калемпирин жана жашылча чөптөр менен жасалган шорпо ичкенин айтты. Андан тышкары тузду дээрлик колдонбойм дейт. Анткени ал организмге суюктукту кармап калаарын айтты. 

Балеринанын бир күндүк тамактануусун карасак мындай: 

Эртең менен ачуу жашылча чөп-чарлар менен жасалган шорпо, бышырылган тоок эти, кечинде салат жалбырагы же жеңил салат. Кээде бир күндө бышырылган эки жумуртка гана жейт. 

Андан тышкары, Волочкова арыктата турган коктейл туурасында да жазды. Анын айтымында мындай коктейлди ичкенде организм арыктаганга моюн сунат. Коктейлдин курамына жарым чай кашык бал, лимон, имбир. Ушул үчөөнө кайнаган суу куюп, демдеп, анан чай катары ичет.

Волочкова: “Мен тамакты абдан аз жейм, жебейм десем да болот. Бүгүн спектаклге даярданып физикалык жактан абдан чарчадым, бирок ачка болгонум билинген жок. Столдо салат турат, мен ага тийген да жокмун. Канчалык диета кармасаңыз да кичине болсо да гимнастика же кыймыл аракет сөзсүз коштошу керек. Мисалы, гимнастика, фитнес, бий же жөн гана көнүгүүнү жасап туруу шарт. Бирөөнү сындагандан мурда адегенде өзүңөр ушундай диетага отуруп, арыктаганга аракет кылып көргүлөчү. Сулуулук келбетиңизге кам көргүңүз келсе, формаңыздын бир калыпта болушун кааласаңыз, эч качан жалкоолонбой өзүңөрдүн үстүңөрдөн иштешиңер керек. Албетте, арыктап, сулуу болуш үчүн жашоодо стимул, сүйүү жана чоң эрк керек. Андан тышкары өзүңүздүн денеңизге деген да сый-урмат болуусу шарт. Ар бир аял өзүн жана денесин сүйүүсү керек. Эгер сиздин келбет сымбаттуу, сулуу болсо демек өзүңүзгө болгон ишеним да бийик болот” деген кеңешин айтты.

Инстаграммдагы Волочкованын катталуучулары анын өтө арыктаганын көрүп, кабатыр болуп ар кандай сындарды жаза башташты. Күйөрмандарынын айтымында организмди мынчалык зордуктабаш керектигин айтышууда. 

Ал эми Волочкова акыркы жылдары салмак кошуп, толуп баратканы байкалган эле.

Aryba.kg



Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер