Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жаныбек Абиров: “Мен 12 жылдык окууга толугу менен каршымын”

Жаныбек Абиров: “Мен 12 жылдык окууга толугу менен каршымын”

17-апрель, 21:30
530 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Жаныбек Болотбекович, “мектеп окуучуларын электрондук кезекке коюу боюнча көйгөй бар” дедиңиз. Маселе эмнеде?

-- Азыркы учурда Бишкек шаарында чоң көйгөй жаралып жатат. 70 миңдин тегерегинде окуучу биринчи класска барат. Бирок электрондук кезекке турганда ата-энелер кыйналышууда. Анан порталы туура иштебей, жарандарга маалымат жеткен жок. Портал иштеши керек болчу. Экинчиден, электрондук тизме менен кабыл алынса, шаардагы он миңдей бала мектепке кире албайт. Себеби, бир класска 25-30 гана бала алыш керек. Бизде кырктай окуучу окуйт, калган он адам каякка барат? Жеке мектептерге барганга акысы өтө кымбат. Ошол жагын да караш керек.

-- Сиз айткандай, электрондук кезек менен 20-25 бала кабыл алынса, калган балдар каяктан окуйт?

-- Быйыл ошон үчүн он беш мектеп салынат. Ар бирине эки миңден окуучу кабыл алынса, отуз миң баланын маселеси чечилет.

-- Он беш мектеп быйыл бүтөбү анан?

-- Убада берип атышат. Билбейм, аткаруу бийлиги, мэрия кандай иш алып барышат...

-- Он эки жылдык билим берүүгө оюңуз кандай?

-- Биринчиден, он бир жылды сапаттуу окута албай жатабыз. Анан дагы бир жылга созуп... Өзүңөр билесиңер, 10-11-класстар “качан биз университетке тапшырабыз?” деп жөн эле шалпактап жүрүшөт. ОРТга даярдык да начар болууда. Ошон үчүн мен 12 жылдык окууга толугу менен каршымын. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер