Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Нуржигит Кадырбеков: “Чек ара өткөрмө пункттарында акча алган ортомчу шылуундар бар”

Нуржигит Кадырбеков: “Чек ара өткөрмө пункттарында акча алган ортомчу шылуундар бар”

22-апрель, 22:25
653 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Нуржигит мырза, кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө пункттарында эл көп болгонунан пайдаланып, “3 миң сом берсең өткөнгө жардамдашам” деген кээ бир шылуундар пайда болгонун айттыңыз. Бул так маалыматпы?

-- Бул маалымат Казакстанга өтүп жаткан биздин мекендештерден келди. Муну биздин чек ара кызматы, ички иштер министрлигинин кызматкерлери билбесе, анда башка маселе. А эгер аралашып кеткен болсо, анда өлкөнүн шору. Ошон үчүн мен Дооронбек Садырбаевдин сөзүн айтпадымбы, “Кайран гана кыргызым, өзүңдүн зөөкүр уулдарың менен зөөкүр кыздарыңды кечир!” деп. Башка эмне дей аласың? Ишеничтүү булактардан келген маалымат. Ошон үчүн маселе көтөрдүм. Муну сөзсүз текшериш керек.

-- Жакында жер-жемиштер быша баштайт. Дыйкандарыбыз аны кошуна өлкөлөргө, ошол эле Казакстанга сатышы керек. Андан соң жайкы сезон башталып, туристтер келе баштайт. Ошонун баарында чек арадан өтүү көйгөйү жаралышы мүмкүн. Муну кантип чечсе болот?

-- Биз муну комитеттин отурумунда карап, тийешелүү сунушту өкмөткө жөнөткөнбүз. Биздин ыйгарым укугубуз ошону менен бүтөт. Бирок, депутаттар деле бир делегация түзүп, ал жактын парламентарийлери менен сүйлөшүп келсек болот. Негизи, биз ЕАЭБге “жарандар эркин жүрсүн, товарлар, кызмат көрсөтүүлөр эркин айлансын” деп киргенбиз да. Бирок, өкүнүчтүү жери ЕАЭБге кирбеген Кытай менен катнаш жеңил, ЕАЭБдеги өнөктөштөр менен катнаш  кыйын. Маселе ошондо болуп атпайбы. Келишимде “маселени эки тараптуу караса болот” дегендей пункттар бар экен. Жалпы ЕАЭБдин деңгээлинде чечилсе жеңил болмок. Эки тарап чече турган болсо, анда биз ЕАЭБге эмнеге кирдик? Менимче, баардык маселелер жакын арада чечилет го... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер