Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Түрк тилдүү өлкөлөрдүн парламенттик ассамблеясы шайлоого баасын берди

Түрк тилдүү өлкөлөрдүн парламенттик ассамблеясы шайлоого баасын берди

29-ноябрь, 12:15
1 199 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргызстанда 28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоого эл аралык байкоочулар өз баасын бере баштады. КМШнын аткаруу комитетинин төрагасы, аткаруучу катчы Сергей Лебедев шайлоо Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык өткөнүн белгиледи. Ал Борбордук шайлоо комиссиясынын добуштардын алдын ала жыйынтыгын көрсөткөн сервериндеги мүчүлүштүктөргө токтолуп, добуштарды ачык-айкын эсептөөгө мүмкүнчүлүк түзүлөрүнө ишеним билдирди.

"КМШнын байкоочулар миссиясынын техникалык мүчүлүштүктөрдү көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгү жок, бирок биз бийлик аны иретке келтирип, добуштарды ачык-айкын эсептөө үчүн бардык зарыл иштерди жасайт деп ишенебиз. Биз Кыргызстанда туруктуулук болуп, анын гүлдөп өнүгүүсүнө кызыкдарбыз" деди Лебедев.

Ушул эле күнү Түрк тилдүү парламенттик ассамблеясынан (ТүркПА) келген байкоочулар дагы шайлоонун жүрүшү боюнча маалымат берди. Түркиянын депутаты Режеп Шекер Кыргызстанда шайлоо жогорку уюшкандыкта, Кыргызстандын жана эл аралык шайлоо стандарттарына ылайык өткөнүн, өзгөчө майыптыгы бар жарандарга бардык шарттар, мүмкүнчүлүктөр түзүлгөнүн белгиледи.

28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына ылайык, алты партия 5%дык чектен өтүп, шайлоодо утканы айтылууда. БШКнын электрондук добуш санагынын жыйынтыгында:
"Ата-Журт Кыргызстан" – 16
"Ишеним" – 13
"Ынтымак" – 10
"Альянс" – 8
"Бүтүн Кыргызстан" – 6
 "Ыйман нуру" – 5 пайыз добуш алган.

БШКнын маалыматына караганда, добуш берүүгө укуктуу 3 миллиондон ашуун жарандын ичинен шайлоого келгендер 30%дын тегерегинде болду.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер