Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Италияда калган махабатым...

Италияда калган махабатым...

20-декабрь, 23:12
1 447 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Италиянын асманы башкача асман сыяктанып, көз алдымда, жан жүрөгүмдө түбөлүккө калды. Айланаңда учуп конгон ак көгүчкөндөр саякаттап бүтпөгөн түбөлүктүү шаар менин тирүүлүгүмдөгү эң бактылуу көз ирмемдер катары эстен кетпейт. 

Архитектура боюнча чоң долбоор боюнча жетекчибиз мени атайын командировкага жөнөттү. “Ал жакта жээним тосуп алат” деп мени сага дайындады. Өмүрүмдө биринчи көргөн шаар, муңайым табигат жана сен. Тамашакөй, ачык-айрым мүнөздөгү чырайлуу кыз экенсиң. Долбоор боюнча иштерибизди тез бүтүрүп, шаар аралап, маектешип, бирге тамактанып, бир жума убакыт кандай тез өтүп кеткенин билбей калдым. Биз аз убакытта эле эң жакын адамыма айланып, жүрөгүмдү ээлеп алдың. Мококтугумдун айынан жактырып калганымды ичиме катып, кайтып кете бердим. Мекениме келгенден кийин мен үчүн сүйүү азабы башталды. Жактырган адамың бар экенин башында эле айткансың. Бирок, сенин көздөрүңдөн сүйүү учкундарын көрдүм. Экөөбүз эми телефондон сыр төгүшчү болдук. 

Кайрадан командировка. Мен сөзсүз сенин колуңду сурайм. Италияда калган менин махабатым...


 Урмат 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер