Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Губернатор Уланбек Далиев Ысык-Көлдүн сезонуна зыянын тийгизери байкалды

Губернатор Уланбек Далиев Ысык-Көлдүн сезонуна зыянын тийгизери байкалды

13-май, 17:59
458 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Мурда тракторист, айыл өкмөтү болуп иштеген Уланбек Далиев акыркы жылдары эле карьералык секирик жасап, Ысык-Көл облусунун губернаторлугуна мингенге жетишти. Февраль айында дайындалган. Ага чейин Эмилбек Абдыкадыров президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү катары иштеди. Сырттан келген коноктор, өзүбүздүн эс алуучулар да кышкы туризмге шарт түзүлбөгөнүн көрүштү. Кыйналышты. Себеби, эң жөнөкөй шарт түзүлгөн эмес. Каракол лыжа базасына бара турган жолду кардан тазалап коюшпай, көп түйшүктөрдү жаратышты. Канчалаган машиналар аварияга учурашып, интернет айдыңында талкуулар жаралганына күбө болдук. Өткөндөн сабак албайт экенбиз. Бир айдан соң Ысык-Көлгө эс алуучулар, туристтер келе башташат. Азырынча даярдыктар байкалган жок. Сезонду эртелей ачып, сервисти жакшыртып, шарт түзүүгө ашыгып, эң башкысы, коопсуздукту чыңдаш керек. Буга чейин эмне иш кылганы белгисиз, тажрыйбасыз Уланбек Далиев губернатор катары отурса, алдыга жылууга, ишкерчиликти өнүктүрүүгө кам көрүлбөйбү? Ушундай кадрларды каяктан таап алышат? Соңку жылдары Ысык-Көлгө тыңгылыктуу жетекчи келбей, бейиштин төрүндөй жерибизди кор кылышып, эрксизден баш чайкатууда. Быйыл деле жакшылыктан үмүт кылбайбызбы? Себеби, иштей албаган Уланбек Далиев отурса...  

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер