Журналисттин сабалышын Райым Матраимовго шылтоо чагымчылык
Жалаа жапса эле элдин баары ишенип калбайт да. Айрым бузукулар журналист Болот Темировдун сабалышын (телефонун тартып кетишкенин) Райым Матраимовдон көрүшүп, акылга сыйбаган жорукту таратышууда. Эмесе, биз бул жагынан ынанымдуу түрдө ой жүгүртөлү.
Ооба, Болот Темиров буга чейин Райым Матраимовдун жубайынын сааты, көйнөгү сыяктуу жеке мүлктөрүнө кызыгып, иликтөө жасаптыр. Сын пикир жазыптыр. О.э. башка козуткучтар да “ураалашып”, бир беткей каралоого алдырышканын көрүп келатабыз. Алардын баарына Райым Матраимов реакция кылган жок, болгону үч сайтты сотко бергени белгилүү. Мунун өзү мыйзамдуу талаадагы ак менен караны ажыратып алуу үчүн кылынган аракет да.
Ал эми интернет айдыңында жазып жатышкандай, Райым Матраимов кантип эле журналистти сабатсын? Биз билгенден ал теңелбейт, Кудайга коюп коет. Тескерисинче, үй-бүлөсү туурасында сындап жазган Болот Темировду башка күчтөр пайдаланып, чагымчылык кылуу иретинде кол салып коюшу ыктымал. Эмнеге бул жагынан ойлонбойбуз? Атайын ызы-чуу чыгаруу үчүн да мындай ыкма колдонулбасына ким кепилдик боло алат? Азыр биз ачык коомдо жашап атабыз, “кылт” эткендин баары жарыкка чыгат эмеспи. Эртең эгер сабагандар кармалып, чын эле тоноо аракети боюнча далилденип калса, анда жалаа жабууга кандай баа беребиз?
Кыскасы, сабырдуу болуп, андай зөөкүрлөрдү табууну ИИМден талап кылып, күтө туралы. “Топурагы жеңил” деп эле Райым Матраимовго баарын жабыштыра бергенибиз кантип болсун? Калыс бололу да.
Aryba.kg