Айтматов айткан кырсыктар, көйгөйлөр масштабы көбөйүүдө
Арабызга Айтматов жетпей, рухий ачкачылык жандүйнөбүздү эңшерип турат. 12-декабрда арабызда аман болгондо 91-кыштын суусун ичип, тоодой болуп калдайып турмак экен. Бирок арабыздан өтүп кетти. Тообуз кулап калды.
Элмирбек Иманалиев ырында айткандай, рухтун атасы өтүп кетти. Канткен күндө да бала кезден бери Айтматовдун чыгармаларына сугарылып чоңойбодукпу. Ошондон уламбы, Айтматовдун каармандарын арабыздан издеп калам. Арабыздан жоктоп калам. «Ал ар качан кыргыздын Ала-Тоосунан туруп, Жер Эненин арманын, Акбаранын көз жашын, Каранардын трагедиясын ай-ааламга кыйкырганга үнү жетчү. Жазуучунун аздек ойлорун Батыштан Чыгышка, Чыгыштан Батышка байма-бай жүргөн поезддер, орбитаны айланган космос кораблдери, Асман менен Жердин ортосундагы бүтүн аалам эми да жүктөнүп жүргөнсүйт» деп өз макаласында журналист Азимжан Ибраимов эскергендей, жазуучу көзү өткөндөн кийин анын айткан ойлору улам даана көрүнүп, айткан цитаталары ташка тамга баскандай ар бир күнүбүзгө жол көрсөтүп тургансыйт.
«Болочок эне ойлобой коё албас кыйынчылыктар мына булар: ачарчылык, оору-сыркоолор (алардын ичинде СПИД бар), согуштар, экономикалык кризистер, социалдык толкундар, кылмыштуулук, сойкулук, баңгилик жана баңги, этника аралык сабаш, расизм, экологиялык, энергетикалык катастрофалар, ядролук сыноолор, ж.б. Ушунун баары колдун иши, ушунун баарын адам өзү жараткан. Адам башына түшкөн кырсыктардын масштабдары муундан муунга көбөйүүдө» деп «Кассандра тамгасы» чыгармасында Айтматов жүрөк ооруткан көйгөйлөргө мына бүгүн көмүлүп отургандайбыз...
Жамиля НУРМАНБЕТОВА
"Азия Ньюс" гезити