Акыркы кабарлар
» Саясат » Мелис Турганбаевге тергөөчүлөр кызыга баштаганы каңкууланды
Мелис Турганбаевге тергөөчүлөр кызыга баштаганы каңкууланды
23-февраль, 20:39


Экс-министр Мелис Турганбаевдин өткөн чактагы ишмердигине, кайсы бир олигархтар менен байланышта болгонуна, байлыгына тергөөчүлөр кызыга баштаганы айтылууда. Азырынча сыр катары сыртка чыгарышпай, материалдарды казып жатышабы? Өмүр бою милицияда иштеп, Мелис Турганбаевдей бир канча хансарайга, элиталык квартираларга жеткен ветерандар өтө аз санда го, туурабы? Мисалы, генерал Өмүрбек Суваналиев СССР убагында салынган чакан батирде эле жашайт. Абийири таза, эл астында жүзү жарык. Адам бактылуу болуу үчүн ашыкча дүнүйө-мүлктүн кереги жок да.
"Азия Ньюс" гезити











