Мадумаров дымып калды. Баткендеги жер боюнча жоопкерчиликке тартылабы?
2009-жылы Ош-Баткен-Исфана жолун оңдоо үчүн 275 метр узундуктагы 5 гектар жерди тажик тараптан 49 жылдык мөөнөткө арендага алуу боюнча андагы Коопкеңештин катчысы Адахан Мадумаровдун кол койгон документин УКМК текшерип атканы, кылмыш иши козголгону кабарланган. Ошондо Кыргызстандын жерин тажик тараптыкы катары моюнга алып, арендага алган болуп калабызбы? Бул боюнча аталган орган жыйынтыгын чыгара элек. Эмнегедир Мадумаров соңку убактарда дымып, бийликке сын айтпай калганы да таңгалычтуу болууда. Эгерде УКМК далилдүү фактыларды алып чыкса, Мадумаровдун күнөөсүн ашкерелесе, анда тагдыры жарга асылгандай образда калат. Каркыранын да казактарга кетишине “себепчи” болгону аз келгенсип, эми бул жагы да былгып чыкса, албетте, кечиримсиз! Сыягы, Мадумаровдун үндөбөй калганында бир мандем бар го?..
Aryba.kg