Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кыргызстанда орточо пенсия 80 доллар. Башка өлкөлөрдө кандай?

Кыргызстанда орточо пенсия 80 доллар. Башка өлкөлөрдө кандай?

23-октябрь, 13:44
1 237 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргызстан

Кыргызстанда пенсиялык курак аялдарда 58 жаштан, ал эми эркектер 63 жаштан башталат. Мындай куракта иштеген иш тажрыйбасы жок болсо да жашына жараша пенсияга мыйзамдуу чыга алышат. Эгерде аялдар үзгүлтүксүз 30 жыл иштеген болсо, алар 55 жашта деле чыкса болот. Ал эми эркектер 35 жыл үзгүлтүсүз иштесе 60 жашында чыкканга укуктуу. Кыргызстанда орточо пенсиянын суммасы 5820 сомду түзөт.


Азербайжан

Аялдар менен эркектер бирдей эле 65 жашында пенсияга чыгышат. Аялдар үчүн жеңилдиктер каралган эмес. Орточо пенсиясы 118 долларды түзөт.


Армения 

Бул өлкөдө аялдар менен эркектер бирдей эле 63 жашта чыгышат. Орточо пенсия 33-40 доллардын тегереги.


Россия

Орустарда аялдар 55 жаштан, эркектер 60 жашка чыкканда пенсияга чыгуу мүмкүнчүлүгү бар. Орточо пенсиянын өлчөмү 150 доллар.


Казакстан

Боордош казактарда эркектер 63 жаштан, аялдар 59 жаштан пенсияга чыгышат.  Орточо пенсия 52145 теңге.


Австрия

Бул өлкөдө аялдар 60 жаштан, ал эми эркектер 65 жаштан пенсияга чыгышат. Бирок, 2024-жылдын 1-январынан тарта аялдардын пенсия курагын жогорулатуу пландалууда, австриялыктардын айтымында, эркектер сыяктуу эле аялдар да 65 жашта чыгуу керек. Орточо пенсия 997 доллар.


Германия

Германияда 1947-жылга чейин төрөлгөндөр үчүн 65 жашында пенсияга чыгышат. Ал эми андан берки жылдары төрөлгөндөр 66 жашта чыгышат. Бул өлкөдө пенсия куракты 70 жашка чейин узартуу пландалууда. Орточо пенсия 1500 доллар.


Израиль

Учурда Израилде эркектер 67 жашында, ал эми аялдар 62 жашында пенсияга чыга алышат. Пенсиянын өлчөмү 416 доллар.


Испания

Испанияда болсо эркектер менен аялдар 65 жашка чыгып, анан дагы алты айдан кийин пенсияга чыгышат. Ошондо 65 жарым жаштан баштап пенсия ала башташат. 2027-жылдан тарта 67 жаштан пенсияга чыгаруу пландалууда, орточо пенсия 526 доллар.


Италия

Италияда да аялдар менен эркектер бирдей 66 жашка чыккандан кийин дагы жети ай күтүп, андан кийин гана пенсияга чыгышат. Бул өлкөдө пенсияга чыгуу үчүн пенсияга кепилдик взносторду 20 жыл аралыгында төлөп туруу шарт. Же болбосо 41 жыл он ай үзгүлтүксүз иштөө керек. 


Канада

Канадада негизи аялдар менен эркектер 65 жаштан чыгышат. Эгер алтымыш жаштан чыкса, анда башкаларга салыштырмалуу 36% төмөн акча алат, 65-70 жашта пенсияга чыккандар жогорку коэффицент менен кошумча 42% кошуп   алышат.


Кытай

Кытайда пенсиялык курак эркектер үчүн 60 жаш, аялдарга 55 жаштан берилет. Эгер аялдар оор жумуш аткарышса пенсияга 50 жаштан чыга алышат. Пенсиянын көлөмү 200 доллар.


Норвегия

Бул өлкөдө карылык 67 жаштан башталат. Ал эми башка категориядагы жарандар үчүн, мисалы, аскер жана милиция кызматкерлери 60-63-65 жашында  пенсияга чыгышат. Орточо пенсия 1717 долларды түзөт.


АКШ

Америкада 1935-жылдан тарта аял-эркек экенине карабай 65 жаштан чыкчу. 1983-жылдан тарта пенсилык курак 67 жашка көтөрүлгөн. Пенсиясы 1500 доллар.


Франция

Бул мамлекетте да аял-эркек деген категория жок, баардыгы 67 жаш курагында чыгышат. Ал эми 62 жашында чыккандар да бар, бирок алардын ден соолугу, физикалык абалы эске алынат. Пенсия көлөмү 731 доллар.


Япония

Япониянын мыйзамы боюнча 60-70 жаштардын ортосунда пенсияга чыкса болот. Бирок канчалык эрте чыкса, ошончолук пенсиянын суммасы аз төлөнөт.  Эгер 65 жаштан жогору пенсияга чыга турган болсо, жогорку суммада төлөнөт деп жазылат мыйзамында. Орточо пенсия 657 долларды түзөт.

Дүйнө жүзү боюнча эң жогорку пенсияны Норвегиянын карылары алары белгилүү болгон. 

Aryba.kg



Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер