Райым Матраимовго ыксыз тийишкен Бектур Асановдун “бейбаштыгы”
Төңкөрүшчүл демилгеси менен түрмөгө отуруп чыккан Бектур Асанов кычаштык кылып, Райым Матраимовго асылып, курулай эле каралап жибергени коомчулукка жакпай калыптыр. “Бөйрөктөн шыйрак чыгаргандай” эле кеп болуп, өзүн пиар кылууга ашыгып, көпчүлүктүн астында “баатыр” көрүнүүгө далбастагандай түр жаратты. Соңку убакта Райым Матраимовго тийишүүнү айрым саясатчылар “мода” көрүп алышкан сыяктуу, Бектур Асанов да көп нерсени түшүнбөй эле “балп” эткизгени байкалып турат. Болгону “олигархиялык, бандиттик, кландык” деген эски шаблонду пайдаланып, жарашпаса да жармаштырганы, каратып туруп беттен алуу ыкмасында көө сүйкөгөнү кандай? “Ойноп сүйлөсөң да ойлоп сүйлө” дейт. Мындан ары Бектур Асанов бирөөнүн жазып берген текстин жөн эле шатырата окуй бербей, акыл калчаса керек. А болбосо “ээнооз бейбаш” аталып, өзү гана уят болот да...
"Азия Ньюс" гезити