Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Канназар Ыдырысов УКМКнын атайын даярдалган кишисиби?

Канназар Ыдырысов УКМКнын атайын даярдалган кишисиби?

17-декабрь, 12:26
2 538 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ош шаарынын тургуну Канназар Ыдырысов дегенди ким билет? Өткөндө С.Жапаровго, К.Ташиевге, К.Зулушевге “30 жылдан бери биринчи жолу биздин үндү бийлик угуп, мафия башчысын кармадыңар. Сиздерге ыраазымын!” деп билдирүү тараткан экен. Көрсө, “иттин өлүгү кайда көмүлгөнүн” бизге жеткен маалымат булагы боюнча аз да болсо түшүндүрмө бергенге аракет кылалы. 

Демек, Садыр Жапаров Ош шаарына барып эл менен жолугушуу учурунда “кимдер суроо берет?” деген атайын сценарий боюнча бир жума мурун Бишкекке Канназар чакырылып, УКМК тарабынан даярдалганы кандай? Улукбек Өмүрзаков бүгүнкү күндө жалган жалаа менен Ош шаарынын УКМКнын убактылуу кармоо жайында кармалып отурат. Бизге жеткен маалыматка караганда, бүгүнкү күнгө чейин алгылыктуу тергөө амалдары жүргүзүлбөй жатканын кандай түшүнсөк болот? Улукбек Өмүрзаков болсо кадимки эле КР ИИМдин орун басары Сүйүн Өмүрзаковдун бир тууган иниси. Демек, бул жерде кандайдыр бир кара пиар жүргүзүлүп, агасына көө сыйпоо аракети болдубу? Сүйүн Өмүрзаков – Сооронбай Жээнбековдун бийлиги учурунда эч кандай ыплас саясый өңүттөгү иштерге аралашпай, жадагалса ИИМдин мурдагы министри, качкын Кашкар Жунушалиевдин жүргүзгөн туура эмес иштерине каршы чыгып келген. Өзүнүн ишин так жана таза аткарганы үчүн ИИМдин ичинде кадыр-баркы абдан жогору экенин билет элек. Бул иш боюнча мындан кийин да журналисттик иликтөө кылып, маалыматты ачык-айкын берип турабыз. Азырынча ушу...  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер