Дастан Бекешов: “Биз чечкинсиздик кылып отурганда акчанын баары кошуналарга кетип жатат”

-- Дастан Далабаевич, өткөндө сиз комитеттин жыйынында Индия менен визасыз режимди киргизүүнү сунуштадыңыз. Визасыз режим бизге эмне берет?
-- Казакстан, Өзбекстан кыска мөөнөттүү визасыз режим киргизишкен. Эмне себептен? Себеби, чет жактан келгендер өлкөгө келип мейманканада жатат, кафе-ресторандарга кирет, таксиге түшөт, демек, экономикага салым болот. Бул студенттер үчүн эмес. Он күнгө ким келет? Же турист, же бизнесмен. Анүстүнө биз азыр Индия менен бир макулдашууну түзүп жатабыз. Анан толук маалыматты билбей эле “бул душмандык” деп айта берген туура эмес. Казактар же өзбектер өзүнө душмандык кылган жок да. Биз чечкинсиздик кылып отурганда акчанын баары бул эки мамлекетке кетип жатат. Натыйжада биз утулуп атабыз. Экономиканы өнүктүрүү үчүн же туристтердин агымын көбөйтүү керек же инвестиция тартуу керек.
-- Визасы жок режим киргизгенде коопсуздук жагы кандай болот?
-- Дагы бир жолу жогорудагы эки өлкөнү мисалга тартууга туура келет. Казакстанга же Өзбекстанга кооптуулук туулуп атабы азыр? Коопсуздук жагын көзөмөлгө алса болот да. Мен бул маселени бекеринен көтөрүп жаткан жокмун. Инвестиция тартыш керек дейбиз. Инвестор виза алганча бир топ убакыт кетет. “Андан көрө визасы жок Казакстанга, же Өзбекстанга барам” дейт да, туурабы?