Асыкбек Оморов: “Минтранстагылар өздөрүн кыйын сезишет, а чындыгында эчтеке билишпейт”

Инженер-геодезист (картограф) менен маек.
-- Асыкбек мырза, адис катары түндүк-түштүк альтернативалык жолуна көз карашыңыз кандай?
-- Түндүк-түштүк жолу 1957-жылы курулган. Жалгыз тоннель бар. Азыркы стандартка такыр дал келбейт. Жарыктан кирип келсең көзгө сайса көрүнгүс караңгы болуп, эчтеке көрүнбөй калат. Кара-Көлдөгү тоннелдер өзгөчө караңгы. Жолдун 60-70 пайызында жол белгилери жок. Кокусунан унаасы бузулуп калган адам “мен мынчанчы чакырымда турам” деп эвакуатор чакыра албайт.
Эми түндүк-түштүк альтернативалык жолуна келели. Ал жерде да тоннель бар. Мен жаңыдан башталып атканда ошол кездеги транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловго “тоннелди бул жерден эмес, Молотовдон тешкиле” деп айткам. Молотовдон тешсе, тоннелден чыккандан кийин Жалал-Абадга кетчүлөр оңго, Өзгөн, Ошко барчулар солго кетет. Шаарды аралабайт болчу. Азыр болсо эмитен эле тыгын боло баштады. Дагы тоннель толук бүтө элек, эгер бүтчү болсо такыр эле автотыгын болуп калат. Ушундай нерселерди билишпейт экен. “Тоннелди мөөнөтүндө бүтө албайсыңар” дегем. Себеби, суу тамчылай берет. Үч метр тешет, үстүн бекемдейт, үч метр тешет, үстүн бекемдейт... Ошол керек беле? “Беш жылда да бүтө албайсыңар” дедим эле, мына, алты жарым жылда араң бүтүштү.
-- Анда эмнеге долбоорлоо учурунда сунуш берген жоксуздар?
-- Сунуш берсек кабыл албай жатышат да. Минтранстагылар өздөрүн кыйын сезишет. А чындыгында эчтеке билишпейт. Биз сунуштаган долбоор Кыргызстандын алкак стратегиялык жолу болуп эсептелет. Негизинен өлкөдө эки-үч стратегиялык жол болушу керек. Жолдун узундугу 1590 чакырым. Анын ичинен 814 чакырымын (Нарындан Бишкекке, Бишкектен Сосновка, Аблага чейин) жасаштын кереги жок. Реконструкция жасай туран участоктор бар. Таластын ичин, Таластан Чаткалга, Ала-Бука, Аксы, Шамалды-Сайга чейин реконструкция жасаш керек. Анын узундугу 560 чакырымды түзөт. Анан жаңы жолдор бар. Абладан Таласка ашып түшкөн жол болгону 75, Кара-Кулжадан Ат-Башыга ашып түшкөн жол 125 чакырым. Экөөнү кошкондо 201 эле чакырым болот. Эртең менен Оштон чыккан киши үч саатта Ат-Башыга, үч жарым саатта Нарынга, 5,5-6 саатта Балыкчага барат. Бул биринчиден. Экинчиден, мен экономикалык жактан 34 пайдалуу жактарын эсептеп чыктым. Бышыкчылык жалаң Ош менен Жалал-Абадда. Коон, дарбыз, бадыраң, помидоруна чейин Чүйгө ташып атпайбы. Эгер биз сунуштаган жол салынчу болсо, үч эле саатта Нарынга, Ат-Башы, Ак-Талаага жетишет. Ушул үч районго эле сатчу болсо, Чүйгө ташып кереги жок. Бул жактын өзүнүн жашылча-жемиши жетиштүү. Ал эми нарындыктар болсо малын, картошкасын Ошко, Жалал-Абадга алып барып өткөрүшмөк. Ушундай нерселерди биз эске албайбыз, эсептебейбиз.