Акыркы кабарлар
22:58
» Саясат » Алмазбек Атамбаев менен Шаршенбек Абдыкеримов жөн жерден бирикпегендир...
Алмазбек Атамбаев менен Шаршенбек Абдыкеримов жөн жерден бирикпегендир...
14-февраль, 20:55

Кой-Таш окуясына байланыштуу сотту тездетип, укуктук баа берилери болжонууда. Сыягы Алмазбек Атамбаев чет өлкөдө жүргөнүнө байланыштуу сыртынан соттолуп, өлкөгө келе албай турган шарт түзүлөбү? Эгер келсе абак азабы күтөрү да айтылууда. Бирок экс-президент да оңой жоо эмес, ал саясый кырдаалды байкап, ошого жараша чечим кабыл алышы мүмкүн. Айтмакчы, Европада Алмазбек Атамбаев менен Шаршенбек Абдыкеримов байма-бай байланышып, жакындан мамиле кылып атышканы, Кыргызстандагы саясый абалга анализ жасашканы каңкууланууда. Ыңгайга жараша келип да калышабы? Шакинин байлыгы, үй-мүлкү күтүүсүз жерден мамлекетке өткөнү да ошол себептенби? Айтор, эки ойчулдун баш кошуп калышканы бүйүр кызытып, көп сырлар ачыкталбай жаткандай...
"Азия Ньюс" гезити