Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Асанбек Стамовдун чыгармачылыгындагы жаркын барактардын бири – “Үч мээрим”

Асанбек Стамовдун чыгармачылыгындагы жаркын барактардын бири – “Үч мээрим”

01-ноябрь, 09:00
3 042 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

(Кыргыз эл жазуучусу Асанбек Стамовдун

85 жылдыгына карата)

Кыргыз эл жазуучусу Асанбек Стамовдун «Үч мээрим» повести алгач ирет 1987-жылы «Ала-Тоо» журналынын №3 санында жарык көрүп, басылып чыгар менен эле адабий коомчулуктун көңүлүн өзүнө бурду. Ириде алдыга өтүп, өз пикирин биринчи айтып чыккан адабиятчыбыз сынчы Санарбек Карымшаков эле. Ал сын пикир «…Мээримдин» көркөм дүйнөсү» деген аталыш менен 1987-жылы август айында «Кыргызстан маданияты» жумалыгына жарыяланган. Адабиятчы повестти негизинен оң баалап, автордун чыгарманы жазуудагы жетишкен ийгилигин, андагы көркөмдүк, сүрөткерлик чеберчилик маселелерин ачып көрсөтүү, чечмелөө аракетинде болгон. Макалада ошондой эле чыгарманын идеялык-эстетикалык баалуулугу, тарбиялык мааниси туурасында да кеңири сөз болуп, калемгердин жаратмандык иш-тажрыйбасында өзгөчө окуя, ажайып көркөм дүйнө деп баалоого толук татыктуу аңгеме-баян жаралганы чоң канааттануу менен белгиленген.

«Үч мээрим» повестинин мисалында идеялык-эстетикалык мүмкүнчүлүгү жогору, эмоционалдык таасири, поэтикалуулугу да жеткилең, тарбиялык мааниси зор бир керемет чыгарма жарыкка келгени талашсыз. «Жерден жарака кетсе, акындын жүрөгү аркылуу өтөт» деп айтылган сыңары «адам пендеси канткенде адам болот?» деген жандырмагы али аягына дейре чечиле элек дилемма-суроо автордун тынчын алып, небактан бери миң толгонтуп келгени шексиз. Анан махабат маселеси. «Сулуулук дүйнөнү жаңылайт» деген накыл кеп бар. Муну «Сүйүү дүйнөнү жаңылайт» деп өзгөртсө болор эле. Себеби жүрөктүн тээ түпкүрүнөн түнөк таап, оргуп тик атырылчу артезиан кудугунун суусу сымал көз жашындай тунук, таза ашыглык сезими не бир абийирсиз кишилерди да оңдоп, түз жолго салган мисалын тарыхтан оголе көп табууга болот.

Повесть атанын балдарына айтып берген жомогу иретинде ортого салынат. Жомок канча кылымдардан бери атадан балага өтүп, ошол элдин санжыра-тарыхынын кичине үзүмү сыяктуудай. Мындагы башкы каарман Бөрүбай жашы отуздардагы жигит делет. Кесиби - бозүйдүн сөөгүн жасоо. Жакындарынан бүт айрылып, жалгыз үй туруп калат. Бир күнү башы оогон жакка бастырып баратып, «жалгыз тигилген ак бозүйгө туш келет». Бул аза күткөн чоң бозүй айылдын ажосуна таандык. Кызы Арзыгүлгө көзү түшүп, Бөрүбай ал үйдө жыл маалы жүрүп калат. Так ушул жерде түшүнүксүз жагдай туулуп отурат. Аза күткөн үй болсо?.. Бир күн коноксуң, эки күн коноксуң, болуптур он күн, бир ай кудайы конок бол. Бирок аза күткөн үйдө түк эч нерсе кылбай жыл бою жатып алуу не деген абийирсиздик?! Жадесе, устачылыгы менен алектенбей бош жүргөнбү, бозүйдүн сөөгүн жасай аларын да ажо бир жылдан кийин өзү сурап билет. Анан кызын бербестин амалы кылып көп калың доолайт. Жигит анча дүнүйө-малды кайдан тапмак?.. Аңгыча эле күйөө болчу бир улгайган адам пайда болуп, жигиттен сураган калыңды бүт толугу менен ажонун алдына туура тартат. Ажо кызын өзү менен жашташ адамга токолдукка узатууга аргасыз. Ушунда дагы так эместик бар. Жанагы аталган калың Бөрүбайдан суралып, анан ажо «ошончо дүнүйө-мүлктү ким биринчи апкелсе, кызымды ошого берем!» деп жар салган эмес эле да. Кийинки күйөө Бөрүбай эмес бөлөк адам болгону үчүн сөз да бөлөкчө сүйлөнүп, алынчу калың да кайрадан такталышы керек болчу. Анын ордуна тигинтип ажо жок жерден сөзгө жыгылып, бактыга бөгөт болуп отурат. Аргасы түгөнгөн Бөрүбай күйөөнү өлтүрүп, качып жоголот. Каяктан келгени бир жанга белгисиз жер ооп жүргөнү да ошондон. Ооба, калпыстык кетирилген. Окуянын жогоркудай өнүгүшү үчүн ырасында эле “аталган калың кимге болсун толук тийешеси бар” деген жарлык айтылышы керек болчу. Анткени калыңы сүйлөшүлүп, анан бөлөк бирөө ошончо малды озунуп айдап келсе эле кызын учкаштырып жөнөтө бермекпи?.. Ага ошол учурдагы салт, элдик жосун да жол бермек эмес.

Кийинки жашаган жеринде Бөрүбай устачылык кылып, элге тез эле алынып кетет. Окчун жашап, анан негедир бир сандык толо жаш аялга ылайык кийим чогултат. Бөрүбайдын бул жүрүм-туруму автордун зордук эрки менен болгону ачык көрүнүп турат. Антпесе болочок келинчеги үчүн кайсы жигит кийим даярдачу эле, адетте кыз өзү, анын энеси камданат эмеспи. Жылаңач жылан кызына үйлөнөрүн артынан билгендей ал эмне доңуз беле? Чоорду болсо жалгыздыгын унутуп, жетпей калган арман сүйүүсүнөн алаксыш үчүн ойночу.

Айылда Бакалбай аттуу куучу карыя бар. Бакшылык кылат, олуялык, көзү ачыктык жагы да жок эмес. Комуздун, чоордун жайын Бөрүбайга ушу Бакалбай чечмелеп берет. Көрсө, бул эки аспап бири-биринен кескин айырмалуу. Эгер комуз өмүрдү даңазалап, тирүүлүктүн аспабы катары таанылса, чоор бул да, тигил да дүйнөгө таандык жаннаттын аспабы экен. Чоордон улам ал эзелки Адам ата, Обо эне жөнүндөгү уламышты айтып берет. Жандуу аспап экенин дагы бир жолу эскертип, чоордо ойногонун таштабаса, балээге кабыларын айтат. Бирок чоорду Бөрүбай балекетти таштамакпы, үч күн араң чыдап, анан Бакалбай укпасын деп чытырман токойдун тереңине барып ойной баштайт. Карыя дагы жолугуп, барган жери Жыландуу деп аталарын, чоордун үнү жыланды кайдыгер калтырбашы мүмкүн экенин эскертет. Акырында «бешенеңе жазганды көрөсүң да…» дейт.

Чоор ойноп жүрүп, Бөрүбай токойдон сүйгөнү Арзыгүлгө абдан окшош бир сулуу кызга жолугат. Экөө баш кошуп, колуктусунун өтүнүчүнөн улам алыскы бир ээн жайга көчүп кетишет. Андан ары Бөрүбай келинчеги менен бир жылча чогуу жашаганы, ошол арада ашык жарынын боюна бүтүп, көз жара турган учуру да келип жеткени айтылат. Аялы «менин толгоом башталганда үйдөн чыгып кет да, бала төрөлгөндөн жети күнгө чейин үйгө жолобо!» деп шарт коёт. Жигит шартты кыйшаюусуз так аткарар беле, баягы Бакалбай жолугуп, аялы жылан тукумунан экенин айтып, «ишенбесең өзүң көргүн!» деп бузат. Ошентип жети күн бүтө электе Бөрүбай үйүнө кирип барат. Барса, аялы ырасында эле көкүрөгүнөн ылдый жылан кейпинде, баласын эмизип атыптыр. Жети күн толук барбай чыдаганында, аялы нака адам кейпине келмекчи экен. Эми ал биротоло жыланга айланып, күйөөсү, али кызыл эт чүрпөсү менен айрылышууга аргасыз.

Кетеринде тарыхын айтат. Аялы чындап эле жылан тукумунан экен. Ушуерде А.Стамовдун калемгер катары чеберчилигине таң бересиң. Болгон сүрөткерлик жөндөм-шыгын, ички кыял-эргүүсүн толук так ушул эпизоддон баштап аракетке киргизгенби дейсиң. Жылан кызынын баяны бир демде, өтө эмоционалдуу иштелгени ачык байкалат. Чыгарманын жазылыш максаты, автордун айтайын деген негизги ою да мына ушул жылан кызынын баянынан чечмеленип баштайт. Мында табигаттын бейкүнөө бир макулугу катары жыландын эч кимге зыянсыздыгы, пейли тазалыгы, боорукерлиги, кечиримдүүлүгү айтылат. Арзыгүл али эс тарта элек жаш кезинде адамдын жаманчылыгынан да жакшы жагына көбүрөөк күбө болду.

Жылан турмушу. Автор жыландын жашоо-тиричилигин зор симпатия менен бүткүл жандүйнөсүн, болгон мээримин төгүү аркылуу сүрөттөйт. Жылан кызы, анын адам баласына карата соолбос мээрими, аруу махабаты… Деги эле сүйүү темасы А.Стамовдо дайым жогорку көркөмдүктө, таланттуу иштелет. Буга күбө катары калемгердин «Чүй баяны», «Нөшөрдөн кийин», «Жаңы тууган» жана да башка сүйүү темасына арналган чыгармаларын келтирер элек. Махабат темасы дегенде ал кандайдыр чечилип, бир башкача керемет дүйнөгө кабылгансып, эргип-ташып кайрадан жашарабы дейсиң. Ырасында эле сүйүүдөн, ашыглык сезиминен улук эмне бар? Жылан кызынын ички жүрөк кылдарынын согушун, аруу махабатын автор өз махабатына, сүйүүсүнө айландырып, аны менен кошо өрттөнүп, бирге алоолонуп жанып турду.

Ойнолуп аткан чоорго тигилип кыз «дүйнөдөгү эң сулуу, кооз деген нерсенин баары жөнөкөй болорун, бир караган көзгө толумсуз болорун түшүндүм. Көрсө, улуулук деген  бул карапайымдык турбайбы» дейт. Жыландын адамга толук айланышы үчүн үч мээрим керек экенин ал энесинен угат: биринчи мээрим  бул аял менен эркектин бири-бирине болгон арзышып сүйүшүүсү; экинчиси  энелик мээрим; үчүнчүсү  баланын мээрими. Бул үч мээрим  жыландын адам болушу үчүн эле эмес, адамдын адам болушу үчүн да эң зарыл, маанилүү нерселер. Макалабыздын баш жагында «сүйүү дүйнөнү жаңылайт» деген жобону бекеринен сунуштаган эмеспиз. Тактап айтсак, мээрим  бул сүйүү, ашыглык, арзыган адамыңдын, дегеле ачык асман алдында ички жандүйнөңдүн, пейилиңдин тазарышы, жаңыланышы.

Киши пендеси, алардын ички дүйнөсү тууралуу жылан эненин айтканы өзүнчө кызык: «Жан кыйнаган эмгек, тынбай мээнеттенүү гана адам тукумун жакшыртат. А бирок адамдардын баары текши эмгектенгиси келбейт. Алардын ичинде өздөрү үчүн башкаларды иштетип, жыргалды жеке өзү көргүсү келгендер көп. Дүнүйө күтүп, байлыкты эңсеген адамдын напсисине чек коюу кыйын. Адам байыган сайын “байысам деп самайт. Деги адам баласы эч качан дүнүйөгө тойбойт… Адамдар сараңдык, ачкөздүк деген жаман оорудан оңой менен кутула алышпайт. Байлыгы канчалык көп болсо, алар ошончолук өздөрүн алдуу сезишет. Байлык көп жерде чоңдук, зомбулук, көралбастык, ичтардык, адилетсиздик өкүм сүрөт». «Адамдардын дагы бир кемчилиги  алар сүйлөгөндөн тажашпайт. Сөз көп жерде ушак чыгат. Ушакты уккан сайын дил бузулат. Ушак бар жерде жакшыга  жаман, акка  кара, акыйкаттыкка  караниеттик үстөмдүк кылат». Бул жылан эненин  автордун адамдардын, адамзат коомунун мүчүлүш жактары жөнүндө каймана ой-толгоосу, макул эместиги, жаратпаганы, окурманды андай пас көрүнүштөрдөн оолак болууга чакырганы.

Эне мээрими. Аргасыз кайрадан жыланга айланып баратып да, ал баласы ачка калбашы үчүн бир көзүн күйөөсүнө чыгарып берет. Көрүп турганыбыздай, эне баласы үчүн баарына, керек болсо өз жанын кыюуга да даяр. Дүйнөдө дегеле эне мээриминен өткөн күчтүү сезим, эне сүйүүсүнөн артык сүйүү болбосо керек. Эне  ушунусу менен ыйык, улуу.

Жылан кызынын: «… адам али адам боло элек турбайбы?..» деп айтканы кимди болсо да ойлонтпой койбойт. Көрсө, адам, чыныгы адам деген бийик наамга жетиш ар кимдин эле колунан келе бербейт белем. Алдыбызда «биз, мисалы, мен чыныгы адам деп аталууга татыктуумунбу?» деген суроо туулат. Бул соболго бир жактуу жооп берүү оголе кыйын. Дегинкиси, ар бирибиз адам, чыныгы адам болууга тынымсыз умтулганыбыз жөн. Кийинки жаш муундардын коомубуздун татыктуу инсандарынан болуп калыптанышы ириде өзүбүз адам болгонубузга түздөн-түз тыгыз байланыштуу.

Окурмандын көңүлүн дагы төмөнкү ой-жорууга буруу кажет: «Деги эле жылан каны менен адам каны кошулса не болмок? Анда силерге биздеги тазалык жукмак. Тукумуңар жакшырып, келечекте таза муундар көп болот эле. Дүнүйөкорлуктан, ачкөздүктөн арылмаксыңар. Туруктуулук, көктүк, эрдик мүнөзүңүздөрдө басымдуураак кылмак. Агарат элеңер, көгөрөт элеңер». Арийне, реалдуу турмушта адамзат өкүлүнүн жылан кызы менен баш кошуусу түк мүмкүн эмес. Бул  автордун адам мүнөзүнүн өксүк жактарын ачып көрсөткөнү, жогорудагы өзү санап өткөнүндөй «асыл сапаттарга ээ болсок кана, атаганат!» деп чалган арман күүсү. Жаратылыштын күнөөсүз бир пендеси, миң сан жан-жаныбарлардын ичинен эң бир сырдуусу, табышмактуусу жана сүрдүүсү, жагымсызы жыланды адам баласы үчүн үлгү боло алчу идеал каарман кылып сүрөттөө менен калемгер бул чыгармасында өзүн эрксизден жандуу жана жансыз табигаттын коргоочусу, чоң досу катары таанытып отурат. Демек, жылан биз ойлогондой өтө эле жагымсыз, жексур эмес. Чыгарманын бүткүл мазмунунан ачык сезилип тургандай, бул повесть үч башка мээримдин болушун ачып бергени менен эле эмес, табигатты түшүнүп, ага аяр карап, сүйүп мамиле кылууга чакырганы менен баалуу.

Жылан эненин кетеринде өзү чыгарып берген көзү баланын курсагын толук бир жыл ачырбайт. Жыл бою соргон көз кичирейип отуруп баланын тамагынан өтчүдөй болуп калса керек, бир күнү жутуп жиберет да, ыйлай баштайт. Айласы куруган Бөрүбай жылан аялын издеп жөнөйт. Акыры таап, иштин жайын айтат. Эне кургур түтчүбү, экинчи көзүн чыгарып берет. Көздү бала соруп баштаганда эле ыйлаганы тып басылат. Аял «эми көзсүз кандай оокат өтмөкчү?» деп күйөөсү Бөрүбайдан өз колу менен өлтүрүп коюуну өтүнөт. Жигит болбойт. Акыры жылан көлдөн түнөк таап, күйөөсү тез-тез келип турмакчы болот. Аялы өзү тууралуу балага айтпоосун өтүнөт. Көрсө коркобу дейби, чүрпөсүнө деген сагыныч-кусалыгын ичине катып билдирбөөгө, сыртка чыгарбоого аргасыз.

Анткен менен Бөрүбай да мыкты жигит: жылан аялын унутпай, күндө эртең менен көл жээгине келет. Аялына чоордо ойноп берип, анын мукам күү кайрыгына айланасында болуп жаткан бардык жаңылыкты, көшүгөн күндүн кооздугун, ажайып гүлдөрдүн жытына, чоңоюп келаткан баласынын ойногон оюнуна, сүйлөгөн сөзүнө, күлгөн күлкүсүнө дейре бүт батырып жеткирет. Ошентип аялдын жашоосу бара-бара мазмундуу, кызык боло баштайт. Бөрүбай аялына түштө, кечинде да кайрылат. Жөн келбей сүт, тамак ала келет.

Булардын жашоосуна баягы куучу Бакалбай дагы кийлигишет. Эс тартып калган балага ал энесинин кадимки жылан экенин айтат. Бала жипкиринип коркуунун ордуна «апа!» деп ыйлап, түз эле көлдү көздөй жөнөйт. Келаткан баласы экенин билсе да, «дагы эмне болуп кетет?» деп жүрөксүгөн шордуу эне көлдүн тереңин көздөй качат. Бала токтоосуз көлгө боюн таштай, жыланды беттеп «энекелеп!» сүзөт. «Кокус чөгүп өлбөсүн?..» деп артка кайрылып, экөө көл ортосунда кучакташып көрүшөт. Муундары бошоп, бала, аны менен катар эне да ыйлайт. Буларга баланын атасы келип кошулат. Эми үчөө биригип ыйлап турушту дейт. Ошондо баланын көзүнөн аккан жаш ак жыландын сокур көздөрүнө тамат. Кызыгың түшкүр, баланын көз жашынын керемет күчү менен жыланга кайрадан көз бүтүп, андан да баягысындай жапжаш, сулуу аял кейпине келет. Мына бакыт деген!.. Мурдагы эки мээримге баланын энесине болгон сагыныч мээрими кошулуп, эми ал адам түспөлүнө биротоло өтүп отурат.

Композициялык курулушу, сюжеттин өнүгүш логикасынан алып караганда, повесть ушуну менен жыйынтыкталышы керек болучу. Бирок окуя андан ары уланып, баягы Бакалбай күтүүсүздөн эле акылман, бул үчөөнүн бактысына чын дилинен кубанган айкөл адам болуп чыга келет. Ушунда баштарынан өткөн окуялар, сыноолор туурасында Бакалбай менен Бөрүбайдын жана анын келинчеги Арзыгүлдүн ортосундагы алым-сабак айтыш жүрөт. Мында кандайдыр жасалмалуулук, шарттуулук орун алгандай. Сценада оюн ойнолуп бүтүп, эми жыйынтык эпизод тартууланып жаткан сыяктуу. «Сахнанын наркы башына басып кетер алдындагы акыркы акыл-насаатым болсун» деп карыя тамсил айтат. Ал тамсилдин кыскача маани-маңызы мындай: адамдын бактылуу өмүр сүрүшү үчүн үч мээрим аздык кылат, буга кошумча ар бир инсандын керт башы азат болушу ылайык. Ансыз үч мээрим маанисине чыкпайт. Мына ушул тамсилин айтып, Бакалбай «сахнанын наркы тарабын көздөй бет алат».

Так ушул финалдык эпизод ашыкчадай. Кандайдыр бөтөн, чоочун организмдей болуп үч мээрим жөнүндөгү легенда-уламыштын мазмунуна түк коошпой тургансыйт. Жогорудагыдай финалдын ордуна чыгарма Бакалбайдын акмагы чыгышы менен аяктаганы оң болмок. Ал эми инсандын керт башы эркин турганда гана үч мээрим толук болуп, маанисине чыгаары Арзыгүл сулуунун жылан энесине таандык сөз катары иштелсе, чыгарма утса утмак, бирок эзели уттурмак эмес.

Анткен менен жогорудагы биз токтолгон айрым кемчиликтерди көңүлгө албасак, «Үч мээримди» идеялык-эстетикалык мүмкүнчүлүгү кыйла жогору, көркөм чеберчиликтин мыкты үлгүлөрүнүн бири катары таанууга толук негиз бар. Повестти ички ой-мааниси терең, тарбиялык мааниси бир топ жеткилең көркөм туунду десе болот. Бөрүбайдын, анын сүйгөнү Арзыгүлдүн мисалында жаш окурман чыныгы сулуулукту айра таанууга, жүрөк кылдарын назик черткилеген ашыглык сезиминин баркына жете билүүгө, табияттын кооздугуна кубана билип, анын коргоочусу болууга үйрөнөт. Мында ал не бир акылман терең ойлорго каныгып, боорукерлик, чынчылдык, кечиримдүүлүк, ар дайым түз жүрүү сыяктуу эң баалуу сапаттарга жетишүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Кыскасы, повестти А.Стамовдун чыгармачылык өнөрканасындагы жаркын барактардын бири деп кабылдаганыбыз ылайык.


Оторбаев Болот Капарович, Жусуп Баласагын атындагы КУУнун доценти 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер