Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бакыт Аманбаев дагы бир кооптуу “демилгени” көтөргөнү калдыбы?

Бакыт Аманбаев дагы бир кооптуу “демилгени” көтөргөнү калдыбы?

20-ноябрь, 13:42
1 029 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жаңы бийлик улам бир долбоорлору менен мүдүрүлүп-чалынып, коомчулуктун сынына кабылууда. Эми өкмөттүн аппарат башчысы Бакыт Аманбаев мамлекеттик кызматкерлерди кыскартууга киришерин, аягы аттестациядан өтүүгө барат экен. (Учурда мындан башка күйүп аткан көйгөйлөр жокпу?) Айтмакчы, андан ары баарын штаттан чыгарып, кайра конкурстук негизде жумушка кабыл алуу идеясын көтөрөбү? Күңк-мыңк кептерден эле балээнин баары башталчу. Мындай “демилге” ич ара сүйлөшүүлөрдөн өтсө, анда иш жүзүнө келгенде башаламандык жаралышы толук мүмкүн. Албетте, кадр саясатын жакшыртууну шылтоолошуп, конкурстук негизде кайрадан кызматкерлерди кабыл алууда тымызын соодалашуу жүрүп, креслолорду сатуу башталат да, туурабы? Деги эле ушул процесстин жүрүшүндө дээрлик бийлик бутактарында жарака кетиши, миңдеген кызматкерлердин нааразычылыгы жаралары турган иш. Президенттик шайлоо астында Садыр Жапаровго ушундай “өнүгүү жолу” керек беле? Айтор, таңгаласың! Булар эмне болуп атышат? Бакыт Аманбаев балким кадрдык сапаттуулукту ойлоп атышы ыктымал. Тилекке каршы, учурдагы саясый кырдаал опурталдуу экенин да эске алыш керек эмеспи...


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер