Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мээнеттин дөөлөтү, же министр Руслан Казакбаевдин иш билги жүрүшү

Мээнеттин дөөлөтү, же министр Руслан Казакбаевдин иш билги жүрүшү

19-февраль, 12:25
840 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Өлкөбүздүн өнүгүүсү үчүн тер төгүп, каруусун казык кылып иштеген, казынага кол салбай таза жүргөн чоң кызматтагылар аз эле. Эл аралык деңгээлде Кыргызстандын туусун бийик көтөрүп, аброюн арттырып, алыскы-жакынкы чет өлкөлөр, стратегиялык өнөктөштөр менен тыгыз мамиле түзүп, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштарды бекемдеп, тышкы иштер министри Руслан Казакбаев тажрыйбалуу дипломат катары жан тынымын албай иштеп келатат. Анын ошол кызылдай мээнети жогору бааланып, өлкөбүздүн экономикасынын өнүгүүсүнө, тышкы байланыштарынын бекемделишине кошкон салымы үчүн “ Данакер” ордени менен сыйланды. 

Эске салсак, Бакуга расмий иш сапары менен барганда ооруп калганына карабай, расмий жолугушууларды үзгүлтүккө учуратпай өткөрүп, сүйлөшүүлөрдү чебер жүргүзүп, соода-экономикалык келишимдерге кол коюп, өлкөбүз үчүн маанилүү иштерди бүтүргөндөн кийин, анан дарыланып баштаган экен. Өлкөгө, элге болгон сүйүүсүн куру сөз менен эмес, ак эмгеги менен далилдеген дипломат Руслан Казакбаевди сыйлыгы менен куттуктайбыз! 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер