“Каалоосуз, никесиз, жалгыз түндүн артында мен жаралдым”
1947-жылы белгилүү жапон жазуучусу, көптөгөн роман, прозалардын автору, кырк жаштагы Дзюн Таками кокусунан поэзияга келет. Арадан эки жылдай убакыт өтүп-өтпөй, ал поэзиядан турган жаңы ыр жыйнагын жарыкка чыгарат. Поэзия тууралуу өз эскермесинде: “Мен качандыр бир проза жазып баштай элегимде эле поэзия жазып баштагам. Бул мындан жыйырма жылдай убакыт мурунку окуялар. Мен жашыруун саргарган дептериме дайыма ыр жазчумун. Анан проза жазып баштадым. Качан гана прозага баш-отум менен киришкенде, поэзияны таштоого мажбур болдум. Проза жазуума, ойлорумду чогултуума ыр жазуум тоскоолдук боло баштады” дейт ошол жылдарда кайрадан поэзия каалгасын каккылаган жапон акыны. Дзюн Такаминин айтымында, табиятты сүрөттөөдөбү, же сүйүүнү айтуудабы, же жандүйнөнүн арманын ачып берүүдөбү, поэзия тили менен терең жеткирериңди белгилейт.
“Жылаңач жээк”, “Ук жандүйнө”, “Менин жүрөгүмдүн бөлмөсү”, “Күндүн үнү”, “Тааныш жол” жана башка сезим кытыгылаган жапондордун салттуу стили менен жазылган керемет поэзия саптарынын автору Дзюн Таками 1907-жылы жарык дүйнөгө келген. Ал никесиз уул болуп төрөлгөн. Мындай трагедиялуу төрөлүүсү ага өмүр бою жүрөгүндө өчпөс так болуп, чыгармаларында дайыма эскерип жүргөн. Анын “Жылаңач жээк” аттуу кайгылуу саптарында: “Мен ойгонсом муңдуу тарткан айлана менин төрөлүшүм, жарык дүйнөгө келишим тууралуу кайгылуу аңгемени эске салат. Каалоосуз, никесиз, бир жашыруун, жалгыз түндүн арты менен мен жаралдым” дегендей кайгысын айтат.
1966-жылы Дзюн Таками жарык дүйнө менен кош айтышкан.