Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ысыкта туздуу жана сиңимдүүлүгү кеч майлуу тамактарды жебеген туура

Ысыкта туздуу жана сиңимдүүлүгү кеч майлуу тамактарды жебеген туура

06-июль, 17:52
1 911 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Акыркы күндөрү абанын температурасы жогорулап, Бишкек шаарында +38 градуска чейин жетти. Күндүн нурунан адам баласы D витаминин алат. Бирок күндүн катуу ысышы кээ бир адамдардын ден соолугуна терс таасирин тийгизиши мүмкүн.

Бул күндөрү адамдар ысыктан кантип сактануу керектигин Бишкек шаарындагы №3 үй бүлөлүк дарыгерлер борборунун терапевти Апина Алмаматова “Супер кж” сайтына айтып берген.

“Күн катуу ысып турган маалда зарыл ишиңер жок болсо ашыкча көчөгө чыкпоону сунуштайбыз. Эшикке чыкканда туура кийимдерди кийип чыгуу зарыл. Айрыкча гипертония оорусу, кант диабети бар жашы өтүп калган адамдар көчөгө чыгарда өтө кылдаттык менен туура кийинип чыгуусу сунушталат. Ал үчүн дене эс алып тургандай пахтадан, лёндон жасалган жеңил кийимдерди кийүү керек. Баш кийим сөзсүз болушу шарт.

Андан сырткары, туура тамактанып, жашылча-жемиштерди көбүрөөк жеп, газдалган суунун ордуна жөнөкөй суудан күнүнө 2-2,5 литр жылуу кылып ичиш керек. Өтө муздак суу ичүү сунушталбайт. Туздуу жана сиңимдүүлүгү кеч болгон майлуу тамактарды жебеген туура. Эт менен дымдама, куурдак, шишкебек, туздалган балык, туздалган помидор, бадыраң ашказандын иштешин кыйындатат.

Күн өтүп кетүүнүн белгилери: жүрөк айлануу, баш оору, алсыроо, кээ бирде мурдунан кан атып кетет, көздөрү караңгылашып өзүн жаман сезип калат. Андай учурда ал адамды салкын бөлмөгө алып кирип, сырткы кийимин чечип, башын жана буттарын өйдөрөөк жайгаштырып, чекеге, моюнга суу сулгү коюп компресс жасоо керек. Өзүн жоготуп, кусуп жаткан деңгээлде болсо, анда сөзсүз биринчи жардам берип, “тез жардам” кызматын чакыруу зарыл”.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер