Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » ЖК депутаты Марлен Маматалиев “Республика” партиясынын курамынан чыкты

ЖК депутаты Марлен Маматалиев “Республика” партиясынын курамынан чыкты

05-июнь, 12:05
721 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев “Республика” партиясынын курамынан чыкты. Бул тууралуу депутат “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, мындай чечимди учурдагы кырдаалга жараша кабыл алган.

“Убагында Британиянын премьер-министри Уинстон Черчилль “менин эң негизги максатым - элге кызмат кылуу, кызмат кылуу үчүн ошол учурда кайсы партия бийликке келе алса, ага кошулуп, элге кызмат кылам” деп айткан. Ошол сыяктуу мен кырдаалды карап, “Республика” партиясынан чыгуу чечимин кабыл алдым”-деди Маматалиев.

Депутат учурда бир нече партиядан сунуш түшүп жатканын кошумчалады. Алардын ичинде “Мекеним Кыргызстан” партиясы бар экенин жана жакынкы күндөрү чечим кабыл аларын билдирди.

Буга чейин айрым сайттар “Мекеним Кыргызстан” партиясынын саясый кеңеши жаңыланып, ага Мирлан Бакиров, Каныбек Иманалиев сыяктуу депутаттар киргенин жазып чыккан. Бул партияга киргендердин арасында Марлен Маматалиевдин да аты аталган болчу. Аты аталган башка саясатчылар комментарий берише элек. 

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер