Полковник Канат Жумагазиевге кыңыр иштүү досторунун жамандыгы тийип калбайбы?


Милицияда көптөн бери таасирдүү кызматтарда келаткан үч дос бар. Жүзү жарыгы Канат Жумагазиев. Чүй ОИИБни, Бишкек ШИИБни, ИИМдин 10-башкармалыгын жана республикалык жол кайгуул кызматын жетектеп, көптөгөн ийгиликтерди жараткан. Учурда Ысык-Көл ОИИБнин начальниги. Облустук бийликтин аброюн көтөрүп турган Канат мырза экени талашсыз. Баса, “досуңду көрсөтчү, сенин ким экениңди айтайын” деген лакап бул жерде жарашпай турат. Же кандай? Себеби, Улан Султанов менен Акылбек Мамасейитовдун кызматтык кыңыр иштери көп суроолорду жаратууда. Кылмышкерлер менен коюн-колтук алышып, ортодон акча бөлүшүп, милициянын аброюн түшүрүп келатышканы ыраспы? Бул эки эргулдун кол астындагы жетекчилери ар дайым акчага, жулуп алмайга шектелишип, көнүмүшкө айланганы анык. Канчасы камалды? “Азия Ньюс” гезити далай ирет жазган. Жогорку жетекчилик качан үн кошот? Эми Улан Султанов менен Акылбек Мамасейитовдун былык иштерине атайын органдар кызыгышып, казып чыгышса каңырык түтөтөбү? Убакыт бар. Күтө туралы.
"Азия Ньюс" гезити











