Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Чынара Жакыпбекова: “Курсан Асановдон өч алуу үчүн камап коюшкандай...”

Чынара Жакыпбекова: “Курсан Асановдон өч алуу үчүн камап коюшкандай...”

27-февраль, 21:19
2 493 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Генерал Курсан Асановдун жактоочусу Чынара Жакыпбекова айым менен чакан маек курдук. 

-- Чынара айым, генерал Курсан Асановдун соттук териштирүү иштери кантип атат?

-- Азырынча тергөө иштери токтоп турат. Бул кезге чейин ИИМдин убактылуу кармоочу жайында эле. Жакында эле УКМКга которушту. Ошол эле учурда бир кызык жагдайды айта кетүүм керек. Өткөн жылдын 5-9-октябрь күндөрү саясый лидерлерден кимдер гана өзүнө жоопкерчиликтүү милдетти жүктөшүп, мамлекетке тийешелүү ишканаларга барышып, элдин, коомчулуктун ишениминде жетекчилик кызмат өтөөсүн баштабаган? Алсак, Өмүрбек Суваналиев, Сыймык Жапыкеев жана башкалар. Негедир “бузук мыйзам” жалгыз Курсан Асановго гана иштеп атканы бир топ күмөн жаратууда. Бу жерде жеке кызыкчылыктар, жеке өч алуу жагы бардай туюлууда. Баары түшүнүксүз...

-- А Курсан Асановдун келинчегинин ал-жайы кандай, инсульт илдетине кабылып, ооруканда эле?

-- Ооба, сиз билгендей, ал киши инсульт илдетине кабылды. Төшөктөн турганга болбойт, туруп басып кетүү жагын айтпай эле коёлу, али эрте. Бүгүн эле акырындап, тил учунан кыбырап сүйлөй баштады. “Абалы жакшы” дегенден алысмын, өтө оор. 



Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер