Улан Султанов милицияны артка тартып атса, талдоо жүргүзүлөбү?

Баңгизаттарга каршы күрөшүү башкармалыгынын начальниги Улан Султановдун коллективинде интрига курчуп, кайым айтышуу жагы чегине жетип баратабы? Орун басары Турусбеков экөөнүн ортосу сууп, өздүк курам ичинде бөлүнүү күч алганы, натыйжада, жетекчилер үлгү көрсөтө албай жатышканы каңкууланды. Бөлүм башчылар арасында тирешүүлөр күчөп, жумуш убактысында ичкилик ичүү “эшек жайлоосу” текшерилсе ачыкталабы? Осмоналиевди байкап көрүшпөйбү? Негизи моралдык климат жакшы эмес экенин айтышууда. Жакында Улан Султанов жетектеген башкармалыктын кызматкерлери кылмыш иштерине кириптер болушуп, кармалышканы кабарланган. Жалпысынан алганда, кризистик абал түзүлүп, ИИМди артка тарта баштаганына талдоо жүргүзүлөбү? “Кол ийрисинине тарткан” жердешчилик деле жоюлгандыр, демек, тартиптик жаза менен тамамдаларына үмүт бар.
"Азия Ньюс" гезити