“Биримдик” №1. Төрөбай Зулпукаров: “Эгемендүүлүк үчүн өмүрүбүздү бергенге даярбыз!”

“Биримдик” демократиялык социализм – евразиялык тандоо” партиясынын лидери Марат Аманкуловдун социалдык тармактарда талкуу жараткан видеосуна байланыштуу партиянын төрагасынын орун басары Төрөбай Зулпукаров атайын билдирүү таратты:
“Кээ бир саясый топтор «Биримдик» партиясынын мүчөлөрүн элге жек көрсөтүү максатында бурмаланган маалыматтарды таратып жатышат. Шайлоонун мындан да ыплас технологияларын пайдаланышса, ага таң калбайлы. Анткени, айрым атаандаштар саясый күрөштө ушундай жолду тандап алышкан. Бирок кара кылды как жарган элибиз буга окшогон азгырыктарга, чакырыктарга жана жалган маалыматтарга алданбасына ишенем!
Урматтуу мекендештер!
«Биримдик» партиясынын командасы өлкөбүздүн эгемендүүлүгүн көздүн карегиндей сактоо үчүн бүт күчүбүздү жумшоого, бар өмүрүбүздү бергенге даярбыз! Мекенибиздин бүтүндүгү үчүн күрөшүү – ар бирибиздин ыйык милдетибиз! Элибиздин эң чоң байлыгы – бул Кыргызстандын эркиндиги”, - деп айтылат Т.Зулпукаровдун кайрылуусунда.
«Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясый партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү.