Бактан кулаган адамдын моюнун араа кесип кетти


Ош шаарынын жашоочусу отун араалап жатып, бензин менен иштеген араанын үстүнө кулап кетип каза тапты.
Кырсык 16-ноябрь күнү саат 12.30дар чамасында Ош шаарындагы үйлөрдүн биринде болгон.
Ош шаарынын 62 жаштагы тургуну У. Я. өзүнүн бакчасындагы бактарды бутап, отун жарып жаткан. Алдын ала маалыматтарга караганда, ал чалынып кетип иштеп жаткан араага кекиртеги менен кулаган. Иштеп жаткан араа кекиртегин кесип кеткен экен. Дароо “тез жардам” чакыртылган. Бирок медиктер келгенче эле жабырлануучу окуя болгон жерден каза болгон. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине кырсык катары каттоого алынды. Маркумдун жакындары эч кимге нааразычылыгы жок экенин айтышты.
Aryba.kg