Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Азамат АРАПБАЕВ, ЖК депутаты: “Мас айдоочу үчүн 17500 сом айып пул аз деп эсептейм”

Азамат АРАПБАЕВ, ЖК депутаты: “Мас айдоочу үчүн 17500 сом айып пул аз деп эсептейм”

13-декабрь, 10:51
612 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Азамат Абдуллажанович, кеңири коомчулук жол эрежесин бузгандарга карата айып пулдарды азайтуу маселесин көтөрүп атса, сиз он эсе көбөйтүш керек дейсиз да?

-- Мен айып пулдун ал түрүн автоунааны мас абалында айдагандарга карата айтып атам. Бул коомго аябай чоң коркунуч келтирет. Жол эрежелерин бузгандан тышкары башка жарандардын ден соолугуна, өмүрүнө зыян келтирип коюшу мүмкүн. Мас айдоочу үчүн 17500 сом айып пул – бул аз деп эсептейм. Эң азы 175 миң болуш керек. Мас абалда айдаганга уруксат жок, бирок, “он жети жарым миң сом төлөп коюп, айдай бер” деген маселе болуп турат. Мейли, андайларга биротоло бөгөт коё албайт экенбиз, кыйын экен, бирок, жазасын көбөйтсөк болот. 

-- Ушул чара таасир этет дейсизби?

-- Таасир этет. Сөзсүз таасир этет. 

-- Айдоочулук укугунан ажыратып койсо, 175 миң сом айып пулга карганда да таасирдүүрөк болот беле?..

-- Туура. Бирок, аны менен кошо айып пул жагынан дагы жазаланса, аябай таасирдүү болот. 

-- Ал эми жол эрежесин башка бузууларга айып пулдардын көлөмү боюнча оюңуз кандай?

-- Кээ бир айып пулдар чындыгында көбүрөөк болуп калган. Аларды бир аз балансировка кылып коюш керек. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер