Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Пандемия кесепетинен, кымбатчылыктан күчөгөн зордук-зомбулук

Пандемия кесепетинен, кымбатчылыктан күчөгөн зордук-зомбулук

04-май, 20:47
861 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Учурда аялдарга болгон зордук-зомбулук чоң көйгөйгө айланды. Айрыкча өткөн жылдары башталган пандемия апааты, карантиндик эрежелер, күн санап өсүп бара жаткан кымбатчылык, жумушсуздук үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун курчушуна өбөлгө түзүп койду. “Аялдарга жардам борбору” коомдук уюму учурдагы зордук-зомбулук, эрте нике кесепеттери, алардын  алдын алуу боюнча “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында кеңири талкуу жүргүзүштү. 

“Аялдарга жардам борбору” коомдук уюмунун координатору Элиза Ажиева зордук-зомбулуктун өсүп жатышы тууралуу төмөндөгүлөргө токтолду. 

“2013-жылы 175 кылмыш иши катталса, 2019-жылы 649 иш катталган. Негизинен аялдар менен кыздар үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыгы болушат. 2014-жылы үй-бүлөлүк зомбулуктан 2 миң 521 аял жана 98 эркек жабыркаган болсо, 2018-жылы 6 миң 562 аял жана 552 эркек жапа чеккен. Үй-бүлөлүк зомбулуктан кары-картаңдар жана жаш балдар жабыркаган учурлар да бар”.

Трагедиялык сандар өсүп баратат. Бүгүнкү күндө терроризмди коркунучтуу жагдай катары кабыл алсак, үй-бүлөдөгү зомбулуктар андан оор болуп, күч алганы цифраларда көрүнүп турат.

Аталган борбордун дагы бир координатору Наргиза Аманбаева Бишкекте 223 миң 258 адам жашаган 47 жаңы конуш бар экенин белгиледи. “Анын ичинен биз 10 пилоттук жаңы конушту тандап алып, аялдардын укугун коргоо, гендердик теңчилик, жалпысынан адам укуктары жана долбоорлорду жазуу боюнча окутуучу тренингдерди өткөрдүк. Анын натыйжасында аялдар кеңеши менен биргеликте 10 долбоор ишке ашырылды: веложарыш, жаштар арасындагы талкуулар, форум-театр ж.б.” деди ал.

Андан тышкары, жаңы конуштарда зордук-зомбулуктун алдын алуу үчүн түзүлгөн аялдар комитеттеринин лидерлери өздөрү күбө болгон зордук-зомбулук, эрте нике тууралуу түрдүү окуяларды баяндап беришти. 

Ак-Жар жаңы конушунун үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча комитеттин төрайымы Гүлбүбү Дөндөева негизинен мигранттардын балдарына карата зомбулук көбүрөөк экенин айтып отурду.

“Биздин жаңы конуш мыйзамсыз, документтер жок, мамлекеттен эч нерсе бөлбүнбөйт. Бирок, Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмү тарабынан бөлүнгөн участкалык милиция кызматкерлери бар. Биздин комитетке ноябрдан апрелге чейин 40 үй-бүлө кайрылды. Биздин конуш Дордой базарына жакын болгондуктан, көпчүлүк жашоочулар ал жакта картон чогултуп, тачка сүйрөп, чай сатып иштешет. Пандемия учурунда баары ишсиз калышты. Ушул учурда үй-бүлөлөрдө азык-түлүктүн жетишсиздигинен, түшүнбөстүктөн зомбулук күчөп кетти. Ошондой эле чоң ата, чоң энесине же туугандарына калтырылган мигранттардын балдары көбүрөөк жабыр тыртышты” деди ал.


Эрте турмушка чыгуунун кесепеттери

Эрте никеге тургандар шаарга караганда элет жергесинде көп, 14,6 пайызды түзөт. ЮНИСЕФ менен Кыргызстандын улуттук статистика комитетинин изилдөөсү боюнча 15,9 пайызы жакыр жашаган үй-бүлөлөрдө кызды эрте күйөөгө берип, “ошону менен тынып калсын” деген көз караш бар эмеспи. Гендердик эксперттер жабырлануучу кыздар менен жеке баарлашып сүйлөшкөндө кредитин төлөй албай, жашы жете элек кызын турмушка берип койгон учурлар белгилүү болгон. Бирок мындай үй-бүлөлөрдүн көпчүлүгү кайра эле ажырашып кеткенин  иликтөөлөр далилдеген.

Ажырашканда социалдык жетимдер көбөйөт. Эрте никенин мамлекеттик каттоосу жок. Диний жактан нике кыйып коюп, кыздын укугу бузулуп жатат. Алар турмушка чыккандан кийин деле, төрөгөндөн кийин деле эч кандай укуктук коргоого ээ болбойт. Медициналык жактан алып карасак, салмагы аз, алсыз балдардын көбүн 17-19 жашка чейинки кыздар төрөгөн. Бул улуттун генофондуна да чоң таасирин тийгизет.

Мындан тышкары, балдарга жөлөк пул, алимент деген маселелер чыгып, мамлекеттин социалдык абалына, капчыгына күч келет. Ажырашкандан кийин мындай энелер өзүнүн да, баласынын да укугун коргой албайт. Сөзсүз түрдө аз төлөнгөн жумушта иштейт. Бул болсо алдыда жакырчылык күтүп турат дегенди билдирет. Ушунун баарын өспүрүм кыздарга, ата-энелерге жана жалпы элге жеткирүү өтө зарыл иш.


Карыздан кутулуу үчүн кыздарын курмандыкка чалып....

Эрте никелешүү тууралуу сөз кылганда курбум айткан бир окуя эсиме түштү. “Инибизди үйлөндүрөлү деп кыз сураштырып калдык. Биз кыз сураштырганыбыз кайдан жеткени белгисиз, кайын сиңдисин сунуштаган жеңелер пайда болду. Кыз менен инибизди тааныштырсак, инибизден он жаштай кичүү, 17 жаштагы жапжаш кыз экен. Үлбүрөп өтө жаш экени да, турмушка даяр боло электиги да билинип турат. Кызын жолугушууга жөнөткөн апасы салам дубайын кошо айтып жибериптир. Көрсө, кыз өгөй атасынын колунда турат экен. Апасы дүкөн иштетип, өгөй атасы арактан башы чыкпай дүкөндү ичип жей берип, жүз миңдей карыз болуп калышыптыр. Эми кызын күйөөгө узатып, калыңыраак калың алып, карыздан кутулуу максатын коюшкан экен. Кыздын тагдыры, эртеңки келечеги ата-энени ойлондурган жок. Кыз биз үчүн аянычтуу көрүндү. Жөн гана кызга ылайыктуу жумуш таап бергенге көмөктөштүк” дейт курбу кызым. 

Көрсө, эл болгондон кийин ар кандай адамдар, ар кандай өз кызыкчылыгын жогору койгон ата-энелер чыгат экен. Билинбеген менен жүздөгөн бешиктен бели чыга элек кыздарыбыз ушундай көрүнүштөрдүн курмандыктары болуп калышууда.


Он беш жаштагы кыздын арманы

Жаш кыз элем тоонун эркин кушундай,

Келечекти эңсеп күткөн утурлай.

Калыңды жеп, эрге берди ата-энем,

Тагдырыма жазган беле ушундай.


Сүйүү деген кандай сезим билбедим,

Көңүл кирдеп, маанай чөгүп күлбөдүм.

Оокат жайын түзүгүрөөк билбейт, - деп,

Кайын энем күндө какшап тилдеди.


Эртеден-кеч оокат менен алышам,

Үй тазалап, уй саап, нанды бышырам.

Эч жылуу сөз укпай тийген күйөөмдөн,

Кайгы, санаа менен таңды атырам.


Ушунчалык ташбоор беле ата-энем,

Ыйлаганым, кыйналганым сезбеген.

Калың алып, пулдап мени саткандай,

Короодогу төрт туяктуу мал белем!


Көрөр күнүм, басар жолум туңгуюк,

Тагдыр мени басмырлайбы кор кылып.

Окуп, ойноп, күлүү деген ойдо жок,

Ичтен сызам арманымды ыр кылып.

Автор: Даанышман


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер