Балбак Түлөбаев, ЖК депутаты: “Мени “былчыксың” деди”
-- Балбак мырза, баягүнү комитеттин жыйынында кесиптешиңиз Султанбай Айжигитов экөөңүздөр кер-мур айтыша кеттиңиздер. Талаштын төркүнү эмнеде?
-- Негизи парламент – бул саясый талаш-тартыштар боло турган жер. Кээде депутаттар катуу кетип калат. Менин айтып атканым мындай: Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Таласта чет өлкөлүк жарандар келип, мүлк ала алат. Квартира, коттедж. Көлдө болсо тыюу бар. Ала албайт. Эң негизгиси, айтып коёлу, Кыргыз Республикасында жер чет өлкөлүк жарандарга сатылбайт. Бул жобо Башмыйзамда да, Жер кодексинде да бар. Биз “туризмди өнүктүрүү үчүн Ысык-Көлдө рекреациялык объектилерди сатып алганга, колдонгонго уруксат берилсин” деп атабыз. Алар эмне? Коттедждер, пансионаттар, санаторийлер жана квартиралар. Ошолорду чет өлкөлүктөр Ош, Жалал-Абад, Бишкектегидей эле алышсын. Кыргызстан эгемендик алгандан бери 54 миң чет өлкөлүк жаран алыптыр, Бишкекте квартиралары бар экен. Биз азыр билебиз, Көлдө көптөгөн казактар кыргыздарга каттатып коюп жүрүшөт. 500-600 миңге жакын Россиянын жарандыгын алган кыргыздар бар. Алар келип да ала албайт. Же ата-энесине, же балдарына каттатышы керек. Ушул эле болчу. Анан “силер жерди сатып атасыңар, саткынсыңар” деген сөз мага оор тийди. Анан “былчыксың” дейт. Кыргызстанда менин весовый категориямда миллиондогон жарандар бар. Жалгыз мен болсом терикпейт элем, “а мейли” деп коймокмун. Жекеликке өтүп кетти. Аксакал киши дейин десем да укпайт. Жакшы эле чыдадым. Азыр элдин баары соцтүйүндөрдө мени тилдеп атышат. “Аксакал кишиге теңелбей эле койбойсуңбу?” дешип. Аксакал киши да кичүүлөргө сый-урмат менен карашы керек да. Жекеликке өтпөш керек. Мейли, урушуп-талаша берели, бул парламент, бирок жекеликке өтпөй, “туура эмес кылып атасыңар” десе, “ии” деп коймокпуз да. Анан “саткынсың, өлкөнү сатып атасың” деген сөз...
-- Бирок, ал кишинин айтымында, рекреациялык объектилерге жер участоктору да кирет турбайбы?
-- Ал мындай. Мисалы, Балбактын көлдө кызыл китеби менен он сотух жери бар. Анын үстүнө мен коттедж салдым. Ал Балбактын атында. Салгандан кийин ал жарандын атына өткөндө кызыл китеп автоматтык түрдө жашыл китепке айланып, үстүндөгү мүлккө техникалык гана паспорт берилет, болду. Ал жерде түбөлүк ээлик кыла албайт, убактылуу, белгилүү мөөнөткө гана ээлик кылат. Жыйырма жылбы, 49 жыл болобу, өкмөттүн өзүнүн ченемдери бар. Азербайжанда деле 49 жылга алып, пансионат салып атпайбы. Башка жарандар келип салып атышат. Ысык-Көлгө лыжа базасын салбайсыңарбы (?) деп урушуп атабыз. Мына азыр россиялык инвесторлор келип, 150 миллион долларга лыжа базасын салып атышат. Бул мыйзам алынмайынча ал мүлкүнө ээлик кыла албайт. А кыргыз жаранына берип коёлу десе, ишенбейт инвестор. Ошон үчүн айтып атабыз да рекреациялык объектилер (!) деп...
"Азия Ньюс" гезити