Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » «Тышкы карызды баарыбыз төлөйлү, патриот бололу» деген наадандык!

«Тышкы карызды баарыбыз төлөйлү, патриот бололу» деген наадандык!

20-ноябрь, 19:14
2 188 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Тышкы карызды түшүнгөнү-түшүнбөгөнү деле ар кандай жоруй беришип, элдин да башын айлантып бүтүштү. Бул маселе боюнча мен жок дегенде эле он жолу интервью бердим. Шаршенче эле ар кайсы ТВ менен гезиттер суроо бере бергенинен ушул маселеге кененирээк кайрылып, Азия Ньюс гезити аркылуу оюмду билдирүүгө туура келди.

Биринчиден, тышкы карыз эмне себептен пайда болот, анын түрлөрү кандай жана кантип кутулат же башкарылат? Ушул суроого жооп берсек. Мен ЖАКтын жетекчилерин жамандагым келбейт, бирок ЖАКтын иши статистика комитетинин эле бир филиалы болуп калганын эч ким тана албайт. Ички-тышкы карыздар боюнча бир топ эле кандидаттык, докторлук иштер жазылган, корголгон, китептер, макалалар чыккан. Бирок, аны мамлекеттик башкаруу системасы пайдаланган жок. Алтургай кызыкпады. ЖАК өзүнчө мамлекет сыяктуу көз карандысыз саясат жүргүзөт. Уйчу-койчулардан турган экономика боюнча диссертациялык кеңеш түзөт. Илимий иштерге тоскоол боло турган торлорду ойлоп табат. Болгону ушул. 

СССР убагында мамлекеттин тышкы карызы жөнүндө «Капиталистик өлкөлөрдүн финансысы» деген курстан башка китептерде же курстарда бул проблема окутулчу эмес. Бул курсту «Финансы жана кредит» адистигинин студенттерине 2-курстан окутулчу. Бюджеттин дефицити жана мамлекеттик кредит деген бир темага 4 саат бөлүнчү.

Мамлекеттик кредит деп башка өлкөдөн карыз алса же карызга берсе ошону айтат. Азыркы кээ бир экономика илимдеринин докторумун деген самопалдар муну да кыргызчалап, “эгерде мамлекет ишканага же адамдарга карыз берсе, ошону мамлекеттик кредит деп чыгарып алышкан. 40 жылдан ашык ушул темада лекция окуган мени сен түшүнбөйсүӊ деп жеӊип коюшкан. Ошолордун түшүнүгү менен берилген консультациялар жана кеӊештердин жыйынтыгы элди да деӊдароо кылып салды

Бул теманы атайын мамлекеттик финансы жана мамлекеттик бюджет бюнча билим алган адистер жакшы түшүнөт. Калгандары боолголойт. Кыргыз Республикасы мамлекет болгону финансы министрлигине министр болуп раматылык Камчыбек Шакировдон кийин бир дагы накта финансист келген жок. Катуу айтсам таарынышпасын, отуз жылдан бери мамлекеттин негизги акча агымын башкаруу колуман келеби-келбейби, финансы жана мамлекеттик бюджет саясатын жүргүзө аламбы же жокпу (?) деп ойлогон жок, ага караган эч ким да болбодуЭптеп ушул агымдан жок дегенде 10% алып калсам дегендер келди. 

Тышкы карыздын пайда болушу биринчи жолу колхоз-совхоздор тарап, алар чыгарган продукцияларды иштете турган завод-фабрикалар жабылып, жүздөгөн адамдар жумушсуз талаалап калганга байланышкан. Себеби, экономикабыз эңшерилип, өнөр жайы, салык төлөй турган субъектилер куржалак калган. Бюджет аӊгырап бош. Бюджеттин дефицити өтө чоӊ болгон. Инфляциянын көлөмү 1400 эсе эле. Ошол кезде бизде ички финансылык ресурстар жок болчу. Мамлекеттик банктагы алтын запастарын уурдап кетишкен да (ММКга чыккан 40 компания жана 2 миллиард АКШ доллары). Андыктан тыштан карыз алуу себеби пайда болгон. Президенттин чет элдик кеӊешчилери коркпо, мамлекеттик ишканалардын баарын менчиктештир, убактылуу бюджеттин дефицитин ЭВФ (МВФ) 40 жылга арзан берген кредиттери менен жаптырып беребиз деп байкушту алдашкан. Бир аздан кийин оӊолосуӊар, Швейцария болосуӊар дешкен. Аны биздин лжереформаторлор кайталап калышкан эмеспи. Демек, тышкы карыздын башы мамлекеттин экономикасын өлтүрүп, финансылык кризистен жана бюджеттин дефицитинен келип чыккан жана башталган. 

Экинчи себеп, өлкөнүн экономикасын андан ары талап-тоноо жана бездарный башкаруудан келип чыккан хроникалык бюджеттин, экспорт-импорттун  дефицити эле. Буга кошумча төлөө балансынын дефицитин жабуу үчүн алынган кредиттер  жана маал-маалы менен болуп жаткан акчанын (сомдун) курсун кармоо саясаты болот.

Демейде бюджеттин дефицитин үч булактан жабат. Биринчиси, салыктардын көлөмүн же санын көбөйтүү аркылуу. Өлкөдө реалдуу экономика жок болгондон кийин кимден салык аласыӊ? Экинчиси, карызга акча алуу же ички карыздар. Бизде азыр (ГКВ) мамлекеттик кыска мөөнөттүү казначейлик векселдер бар. Бирок бул система да коррупцияланган. Пайызы өтө жогору жана жакшы көргөн банктар аркылуу таратуу. Минтип сыпайы айтпасак таарынып калышат. Эгерде ички финансы ресурсу жетишпесе, башка өлкөлөрдөн же эл аралык финансы уюмдарынан карыз алуу. Үчүнчүсү, акча эмиссиясы. Же инфляциялык жол. Биз ансыз деле инфляциясы жогору өлкөбүз. Бул карыздардын баары финансылык кризистен келип чыгат. Мамлекеттин түз карызы катары аталат же пайдасынан зыяны көп карыз экени баса белгиленет. Эӊ коркунучтуу карыз ушул.

Карыздын баары теӊ эле бирдей коркунучтуу. Өтө коркунучтуусу жол тармагына же энергетика тармагы үчүн алынган карыздар эмес. Эӊ коркунучтуусу – өлкөнүн экономикасын талкалап, коррупцияны майлап-сүттөп финансылык кризиске батууга алып келген бюджет дефицитин жана төлөө дефицитин жабуу үчүн алынган эл аралык финансы уюмдарынын карызы. Себеби, ал эл аралык уюмдардын бюджетин жана кимге кандай шарт менен кредит берерин АКШ, Европа өлкөлөрү чечет. Алар бизге саясый шарт коёт. Кытай менен дос болуудан баш тартса, Россия кыргыздарга кредит берет. Же баш тарттырууга аракет кылып, кредит, грант, жана 6 миӊден ашык акыйкатчыларга акча берет. Билим берүү системасы үчүн каралган 52 миллион еврону биздин билим системасын талкалоо үчүн бөлүнгөн акча катары түшүнүш керек. Алар бул акчалар (кредиттер жана гранттар) кимдин чөнтөгүнө кетип жатканын бизден да жакшы билишет. Бирок унчукпайт, о.э. бергенин көбөйтөт. Себеби, аларга биздей коррупцияланган, жарды жана криминалдашкан өлкө керек. Алар жыл сайын карыздардын процентин жана бюджеттин дефицитин жабууга кошумча кредит берип турат. Же карызыбызды төлөө үчүн жыл сайын карыз алабыз. Ошондуктан карызды төлөө суммасы жыл сайын өсүүдө.

Карыздын экинчи түрү экономикалык өнүгүүгө же инфраструктураны курууга кетет. Экономикалык өнүгүүгө же инфраструктураны курууга демейде мамлекеттик же жеке менчик ишканалар кандайдыр бир тармакты өнүктүрүү үчүн чет элдик банктардан карызга акча алышат. Ошол карызга мамлекет өзүнүн бюджети аркылуу гарант болот. Тоосу же жери менен эмес, бюджети менен. Муну түз инвестиция катары карайлы. Бирок ошол ишканалар алган карыздарын кандай пайдаланды? Өндүрүшүн көбөйтүп, пайда таап, карыздан кутулууга кудурети жеттиби? Кеп ошондо.

Энергетика тармагына 30 жылдан бери 2 миллиард АКШ доллары карыз алынып, кайда кеткени белгисиз. Ушундай эффективсиз пайдалануу жол курулушунда болду. Буга да кеминде 2 миллиард АКШ доллары кетти. Эми төлөө мөөнөтү келди. Бирок жол да, энергетика системасы да иштеп жатат. Ошол жактагы коррупцияларды жоюп, алардын кирешесинин эсебинен карыздар төлөнүш керек. 

Ал эми Кытай бизден жер-суу сурабайт. Мен алардын адвокаты эмесмин. Бирок Кытайга биздин өлкөдөгү тынчтык керек. Мыйзамдардын толук иштеши шарт. Кааласаӊ Кытайдын инвесторлорун киргизбей эле кой. Алар бизден небак эле түӊүлүп калган. Мындан ары мамлекеттик деӊгээлдеги инвестиция келбейт жана карыздын мөөнөтүн созуу же азайтуу жөнүндө эч нерсе айта албайм. Келсе да ар кандай кырсыктардан коркпогон жеке менчиктер келиши мүмкүн. Бирок ал деле арсар. Баары Хоргоско жана өзбектерге качып кетишкен. Кеминде 3-5 жылга чейин инвестиция келиши мүмкүн эмес. Мурунку келишимдерди узарта бериши мүмкүн. 

Дагы айтарым, эч бир инвестор президент үчүн келбейт. Өз кызыкчылыгы үчүн байырлайт. Бул бизнестин мыйзамы. ТЭЦ чырында тендерди кабыл алган комиссия жана бүткөн объектини кабыл алган комиссия жооп берет. Жол чырында да ошондой. Бул жагдайды ар бир нормальный ревизор жана тергөөчү билет. Тилекке каршы, бизде андайлар жок. Пародиялары бар. Соту жок өлкөгө уурулар менен каракчылар келет. Себеби, соттор ошолор менен табакташ болушатМени коркутканынан ушундай чечим кабыл алдым деген адам сот эмес, ал соучастник” даБолду-болбоду ушулар алды болуш керек деп божомолдоп соттогон сотту уккан да, көргөн да эмесмин. Андайлар бизде гана шугулданышат. Муну кыргыздын феномени катары түшүнгүлө.

Карызга алган акчалардын жол курууга жана энергетика системасын өнүктүрүүгө жумшалганы эӊ эффективдүү деп аталат. Себеби, инфраструктурасы жок экономика өнүгүшү мүмкүн эмес. Бул карыздарды ошол жакшы жолдорду пайдалануудан жана электр энергиясын калган тармактарга жумшоодон түшкөн кирешелер менен жабат. 

Өлкөнү башкара албай, бюджеттин акчасын, кредиттерди ууруларга жедирип жиберип, анан «келгиле, баарыбыз чогулуп төлөйлү, патриот бололу» деген наадандык болот. Минфиндин алдында ачылган эсепти жөн эле пиар катары түшүнгүлө. Ал акчалар ансыз деле бюджеттин кирешесин толтурат жана карызга төлөнөт.

Мен жогоруда айткан финансы кризисинин айынан эл аралык финансы уюмдарына тышкы карызы өтө көбөйүп кеткен Аргентина, Испания, Грецияларда да чоӊ проблемалар болгон. Аларга акылдуу, билимдүү, күчтүү мамлекет башчылары келишип, ар кандай жолдор менен карызынан кутулушкан. Бирок бирөө дагы жер-суусун берген эмес. 

Билип-билбей чуу чыгаргандардан арылмайынча, менин айткандарыма кулак төшөй тургандар көп болоруна деле анча ишенбейм. Себеби, жалпы коомдун деӊгээли ушундай болуп калды. Иши кылып аман болсоӊор, карыздан бир күнү кутуларбыз. 


Айылчы Сарыбаев, экономика илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиӊирген ишмер 

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер