Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бекболот Талгарбеков: «Башкы прокурор Жамшитовдун коррупцияга тиши өтпөсү даана билинди»

Бекболот Талгарбеков: «Башкы прокурор Жамшитовдун коррупцияга тиши өтпөсү даана билинди»

29-май, 18:19
862 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

- Бекболот агай, өткөн жумада Жогорку Кеңеште башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун отчету угулуп, жактырылды. Бирок коомчулукта бийликтин коррупцияга каршы күрөшүнө ичи чыкпагандар дагы эле арбын. Чындык үчүн күрөшүп келген адам катары сиздин пикир коомчулукка маанилүү...

- Коррупцияга каршы аёсуз күрөшүү – бул президент Сооронбай Жээнбековдун башкы багыты экени жалпыга маалым. Ал күрөшкө старт 2018-жылы 8-февралда өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында берилген. Андан бери эки жылдан ашык убакыт өттү. Бул күрөштүн, менимче, биринчи этабы башкы прокурордун отчету менен соңуна чыкты. Эми, бизге маалым болгондой, ал күрөштүн экинчи этабы июнда өтө турган Коопсуздук кеңешинин чечимдерине ылайык уланат. 

- Анда ал күрөштүн биринчи этабына кандай баа берүүгө болот? 

- Үч тараптан берилген бааны маанилүү деп эсептейм. Биринчи, дүйнө өлкөлөрүндөгү коррупция деңгээлин аныктап турчу «Транспаренси Интернешнл» эл аралык уюмунун отчетуна ылайык, 2018-19-жылдары Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөшүүдө ныпым жылыш болбогон. Өкүнүчтүү, бирок бул кашкайган факт. Экинчи, быйыл февралда өткөн Коопсуздук кеңешинде Сооронбай Жээнбеков коррупцияга каршы иш жүргүзүп жаткан күч түзүмдөрүн сынга алып, натыйжа начар экенин тастыктады. Үчүнчү, бул коомчулуктун пикири. Ага таянсак, коррупцияга каршы күрөш мурдагыдай эле тандалма жолдо. Ири коррупциялык иштер көмүскөдө калып, орто жана майдаларына чабуул ашкере пропагандаланууда. 

- Ал эмне болгон ири коррупциялык иштер? 

- Мен алган маалыматтарды версия катары айтайын. Белгилеп кетчү жагдай, маалымат бергендер өз ысымдарынын ачыкка чыгуусун каалашпайт. Мен унчукпай жүргүм келбейт. Анда версияга өтөйүн. Соңку он жылдыктын эң ири коррупциялык иштери кытайдын кредиттерин алуу менен байланышкан. Үч долбоор тең (Бишкек ЖЭБин жаңылоо, «Датка-Кемин» электр чубалгысын жана «Бишкек-Ош» экинчи жолун куруу) коррупциянын уюгу. Биз билгенден, Бишкек ЖЭБи боюнча гана кылмыш иши козголуп, сот чечимдери чыкты. Калган коррупциялык эки долбоордун тагдыры дайынсыз. ЖЭБ ишин алалы. Долбоор 386 млн долларга бааланган. Анын ичинен 111 млн доллары «сол чөнтөккө кеткен» деген прокуратура, соттун бүтүмүн уктук. Ал эмне деген «сол чөнтөк» экени белгисиз. Бирок, ЖЭБдин мурдагы директорунун «борборду жаңылоого болгону 150 млн доллар жумушалган» деп парламентте сүйлөгөн сөзү чындыкка дал келет. Демек, ЖЭБди жаңылоодон 236 млн доллар коррупционерлердин чөнтөгүнө кеткен. Бул долбоордун жалпы наркынын болжолу 60 пайызы. Ал эми электр чубалгысын курганга 600 млн, экинчи жолдун биринчи фазасын бүтүрүүгө 400 млн доллар жумшалды. Бул эки долбоордон уурдалган 60 пайыз 600 млн долларды түзөт десек болот. Демек, кытай кредиттеринен жалпы болжолу 800 млн доллар коррупционерлердин жеми болгон. Белгилей кетсек, үч долбоордо тең ТЭО (техникалык-экономикалык негиздеме) болгон эмес жана тендерлер да өткөрүлгөн эмес. Бул фактынын өзү эле ал долбоорлор башынан жең ичинен макулдашылганын далилдеп турат. Сол жакка кеткен 800 млн доллардын болжолу жарымы, 400 млн доллары кыргыз тараптагы коррупционерлерге каралган. Алар кимдер? Башында «Кожоюн» турган. Ал долбоорлорду жылдырууга жана өздүк үлүштү алууга үч адамды тандаган. Биринчиси – Сапар Исаков. Ал сүйлөшүүлөргө катышып, долбоорлордун парламенттен жана өкмөттөн кынтыксыз өтүшүн көзөмөлдөгөн. Экинчиси – Аскар Шадиев. Ал долбоорлордун каржы маселеси боюнча иш алып барган. Үчүнчүсү – айталы «Березовский». Ал кытай компаниясынан «Кожоюндун» үлүшүн талап кылып, аны атайын эсептерге которуу иштерин жүргүзгөн. Мага айтылган маалыматка таянсак, кытай компаниясы «Кожоюндун» үлүшүн Гонконгдогу банктардын бирине которуп турган. Анан ал акчаларга ошол жерден кирешелүү товарлар сатып алынып, атайын учак менен Кыргызстанга ташылган. Ал учак Түркиядан жалданып, 2016-17-жылдары Стамбул-Гонконг-Бишкек-Стамбул каттамында 52 жолу учкан. Кымбат баалуу товарлар Бишкекте жашыруун түшүрүлүп, алардын ордуна арзан товарлар жүктөлгөн. Баары ойдогудай жүрүп жаткан. Бирок бул арам ишке Жараткан кийлигишет. Акыркы жолу Гонконгдон товарларды «Кожоюндун» жубайы тандап учакка жүктөткөн жана экөө ал каттамды коштоп келишкен. Алар 3-4 саат эрте башка учак менен келишип, «Манас» аэропортунда туман болгондуктан Кант шаарына конушкан. Ал эми товар жүктөлгөн учак Дача-Су айылына кулап күшкөн. Албетте, ал кезде бул окуяны «Кожоюн» толук жаптырган. Кийин гана Бишкек ЖЭБинде авария болгондо аны жаңылоо долбоору боюнча кылмыш иши козголду. 

- Ал кылмыш иши иликтенип, соттун чечимдери чыкты да? 

- Ооба. Ал эми жыйынтыгы кандай болду? Орустар мындайда «гора родила мышь» деп коюшат. Көз будамайлоо болду. Ишеничтүү айтсак болот, экс-премьер Жантөрө Сатыбалдиев, экc-министрлер Осмонбек Артыкбаев, Ольга Лаврова, «Электр станциялары» ААК башчысы Салайдин Авазов жана башка төмөнкү жетекчилер коррупциялык желген 800 млн долларга тиешелери жок. Алардын күнөөсү Сапар Исаковдун тапшырмаларын каршылыксыз аткарышканында. Аларга «шалаакылык» боюнча гана айып коюлса туура болмок. Артыкбаев төлөгөн 100 млн сомду «коррупциядан желген акчанын эсебинен» деп айтууга негиз жок. Эгер бул жетекчилер мен айтып жаткан версияны «жалган» дешсе, анда алардын да жүйөөлөрүн угалы. Демек, башкы жыйынтыкка келели. Дача-Су трагедиясын, андагы кулаган учактагы  жүктүн тагдырын, аны ким заказ кылганын, кимге таандык экенин изилдеп, ийненин жибинин учугунан баштап, анан аны улап, кытайдын кредитинен желген 800 млн доллардын тагдырын ачыктамайын учурдагы коррупцияга каршы күрөш – бул Дон-Кихоттун жел тегирмендер менен согушунан эч айырмасы жок. 

- Башкы суроого эми келдик окшойт. Өткүрбек Жамшитовго сиз айткан багытта иш алып баруусуна ким тоскоолдук кылып жатат? Мурдагы президент камакта, Исаков абакта, Шадиев качып жүрөт, ал эми азыркы президент коррупция менен күрөшкө аттанып алган...

- Дагы эле мен алган маалыматка таяналы. Дача-Су трагедиясы боюнча өткөн жылы ички иштер министрлиги тергөө баштап, бир топ иш жасалган. Бирок кийин ал кан буугандай токтотулган. Көрсө «Кожоюндун» үчүнчү адамы, кыргыз «Березовскийи» учурда деле жогорку бийлик эшелонунда өтө таасирдүү позицияда экен. Ал күчүндө турганда бул иш жабылуу бойдон калат жана жыл өткөн сайын аны изилдөө, тактоо кыйынчылыкка тушугат. Ал таасирдүү адам кытайдын кредитине иштетилген калган эки долбоор боюнча да кылмыш ишин козготтурбайт жана учурда ал долбоорлордогу кылмыш фактыларын жоготуу үстүндө иш алып барууда. Айтмакчы, Аскар Шадиевди да «Березовский» качырган жана калкалап келүүдө дешет. Ошентип, соңку он жылдыктагы ири коррупциялык иш – кытайдын кредиттеринен уурдалып кеткен 800 млн доллар түбү менен жоголуп, жабылып калуу коркунучу алдында турат. Анда Кытайга 1 млрд 700 млн долларды элибиз өздөрү төлөп берүүгө аргасыз болот. 

- Ким ал, «Березовский»? Башкы прокурор андан эмнеге коркот? 

- Ким экенин эч бирөөсү айткысы келбейт. Менимче, Жамшитов өзү да анын аты-жөнүн президентке айтуудан чочулайт. Анын корко турган себептери болсо керек. Ээлеген кызматы эле эмес, өз өмүрү да коркунучта калышы толук ыктымал. Ошол себептен, ал өз ишинде коррупциянын анык кайнаган уюгунан алыс болуп, анын айланасындагы «чуңкурларды» гана казып келүүдө. Өткөн жумадагы отчету көрсөткөндөй, башкы прокурордун коррупцияга тиши өтпөсү даана билинди. 

- Сиз ага кандай кеңеш берет элеңиз?

- Өткөн эки жыл көрсөткөндөй, Өткүрбек Жамшитов таза жана иштерман жетекчи экен.  Болгону чийилген сызыктан аттап өтүүгө даай албады көрүнөт. Эми президентке абалды түшүндүрүп, өз эрки менен отставкага кетип калса, анда элибиздин кесипкөй, абийирлүү инсаны катары жүзүн сактап калмак. Ал эми президент Сооронбай Жээнбеков июнь айында Коопсуздук кеңешин өткөрүп, коррупцияга каршы күрөшүүнүн ийгиликсиз биринчи этабын жыйынтыктап, анан экинчи этабына жаңы жетекчилер, жаңы күч, дем менен белсене киришкени  туура болоор эле. 


Жамиля Нурманбетова

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер