Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Таабалды Тиллаев: “Корумду-Балбай эл аралык деңгээлдеги жол болот”

Таабалды Тиллаев: “Корумду-Балбай эл аралык деңгээлдеги жол болот”

28-январь, 18:00
927 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Транспорт жана коммуникация министринин орун басары менен маек.

-- Таабалды Гапырович, бүгүн парламентте каралып жаткан Корумду–Балбай жолунун курулушу экономикалык жагынан алганда биз үчүн канчалык пайдалуу? 

-- Ысык-Көл айланма жолу Балыкчы–Корумду, Корумду–Балбай, Балбай–Каракол–Барскоон, Барскоон–Балыкчы сыяктуу төрт бөлүктөн турат. Корумду–Балбай участогу анын экинчи бөлүгү. Жолдун узундугу 80,6 чакырым. Долбоор Араб экономикалык өнүктүрүүсүнүн Кувейт фондусу тарабынан каржыланууда. Жалпы суммасы 128 млн. сом. Бул эл аралык деңгээлдеги, төрт тилкелүү, тротуары, велосипед жүрүүчү тилкеси бар жол болот. Эң негизгиси, коопсуз, ортосу бетон тосмо менен тосулат. Андыктан, ал келечекте Ысык-Көлдө туризмди өнүктүрүүгө зор салым кошоруна шек жок. 

-- Жолдун курулушу качан башталат?

-- Жолдун курулушун төрт банк каржылоосу каралган. Үч банк менен келишим үч окуудан кабыл алынган. Ал эми Кувейт банкы менен макулдашуу экинчи окуудан каралууда. Үчүнчү окуудан кабыл алынып, тендер жумуштары бүтсө, жолдун курулушу быйыл жылдын аягында башталып калат деген үмүттөбүз.

-- Ошондо канча жылда курулуп бүтөт?

-- Үч жылдын тегерегинде бүтөт, буюрса. Белгилей кетчү нерсе, бул жеңилдетилген кредит болуп эсептелет. Келишимге ылайык, жолдун курулушунда 40 пайызга чейин биздин өзүбүздүн жумушчулар иштешет. Андан сырткары, инженердик иштерди да биздин атамекендик ишканалар аткарышат. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер