Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Барчынай Кадырбекова, психолог: “Сен үйдө мыкты кожойке боло албасаң, анда эч жерден ордуңду таба албайсың”

Барчынай Кадырбекова, психолог: “Сен үйдө мыкты кожойке боло албасаң, анда эч жерден ордуңду таба албайсың”

18-апрель, 20:48
642 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Барчынай, социалдык тармактардан сенин сабактарыңа кызыккан окурмандар арбын. Анан албетте, сенин өткөн күндөрүң, бала чагың, курагың кызыктырбай койбосо керек?

-- Мен Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон районунун Акман айылынан болом. Ошол айылда төрөлүп, орто мектепти алтын медаль менен аяктагам. Кичинемде агам каратэ менен машыктырып, эркек мүнөз болуп чоңойдум. Үй жумуштарына анчалык жок болгонум менен сырттын жумуштарын, сабактарымды катыра аткарчумун. Бала кезимде “Москва шаарына барып, журналистика факультетинде окуйм” деп жүрчүмүн. Бирок Жалал-Абаддагы университеттин бюджет бөлүмүнө өтүп, 120 студенттин алдыңкыларынан болуп, окуумду жакшы аяктадым. 

Апам баарын чечкен мыкты аял эле, бирок атамдын көзүн карап турчу. Атам болсо жөнөкөй, чынчыл, чыр-чатакты жактырбаган жумушуна түз барып келген адам болчу. Апам мага негедир кыйналгандай элес калтырчу. 

Мен “сөзсүз өзү акча тапкан чечкиндүү мырзага турмушка чыгам” деген ойдо болчумун. Анан өзүм кыялдангандай мырзага турмушка чыктым. Турмуш деген сен укмуш лидерсиңби, аябай жазасыңбы, сулуусуңбу, ага карабайт тура. Жолдошум экөөбүз жети жыл бирге жашадык. Бирок үй түйшүгүнөн кыйналдым. Кайын журтум деле бардар, жакшы адамдар эле. Жолдошумдун мага койгон талаптары катаал эле, чийген сызыгынан чыксаң дароо жообун берчү. Бала кезимден лидер болуп калыптанып калган жаным аны менен теңтайлашам деп чатак чыгып, таяк жеп калган учурлар болор эле. Жети жылдан кийин экөөбүз эки башка жолго түшүп, мен эки балам менен Москвага кеттим. Ал жерден кайрадан башка билим алдым. Психология боюнча билим алып келип, жолдошума жолугууга өзүм сунуш киргиздим. Жашоосун сурадым, анын деле турмушу жакшы эмес экен. “Балдар үчүн чогуу эле жашайлы” десем, “эки жылдан бери сенин эмне кылып жүргөнүңдү бир Кудай билет” деп, дагы көп сөздөрдү айтты. “Ошол эки жылда сенин эмне кылып жүргөнүңдү, менин эмне кылып жүргөнүмдү бир сен, мен, анан Кудай билет. Баарын ак барактан баштайлы. Эски уруш-талашты унуталы” дедим. 

Ошентип жаңы психологиялык көз караш менен жашообузду баштадык. Бүгүн баары жакшы, шүгүр десем болот.

-- Учурда сонун марафон сабактарды өтүп турасың. Жашоосуна өзгөрүү алып келген, жыйынтык жаратып жаткан кыз-келиндер тууралуу ой бөлүшсөң?

-- Ал арада университетте, телеканалда иштедим. Ошол мезгилдерде ковид апааты келип, пандемия болуп калды. Ансыз деле университетте, башка жайларда түрдүү кеңеш сурашып, студенттерге, вотсап группаларга тренинг өтчүмүн. 2021-жылы биринчи жолу менин турмушка чыккандагы алсыз жагым болгон үй иштери боюнча “Сыйкырдуу уборка” деген тренингимди алып чыктым. Анын идеологиясы япон технологиясы менен үй жыйнашат. Бир жума үй жыйнашат. Бир жуманын ичинде адам өзүн тааный баштайт. Үйдүн ичинин иретсиздиги, ашыкча нерселердин болушу биздин жандүйнөбүздүн сыртка чагылышы. Аял кишинин миссиясы эмне? Милдети эмне? Бүт ошол нерселер камтылган. Сен миң кыйын атактуу болсоң да, үйдө мыкты кожойке боло албасаң, анда эч жерден ордуңду таба албайсың. Үйдө гармониянын жоктугу, жашообузда жеке кол тийгис мейкиндик жашабагандыгы толгон токой психологиялык маселелер камтылат. Бул тренингди алгач акысыз кылып баштаганда эле 5 миндей адам катышты. Ошентип Кыргызстан боюнча 5 миң аял үй жыйнай баштадык. Дароо эле жакшы пикирлер жаап жатты. Андан ары мен акылуу 15 күндүк марафон сунуштадым. Катышкандардын бир жумадан кийин эле жандүйнөлөрүндө өзгөрүүлөр болуп, 15 күндө жакшы жыйынтыктар жаралды. Андан ары ишкердик иштерим, окурмандардын суроо-талаптары менен курстарым уланып кетти. Азыр ошол айымдардын баары баракчамда катталышкан. Айрым ажырашкандар жарашып, иш баштай албагандар иш баштап, жашоолорун жолго салып, эл арасында эки жылдан бери иштеп келе жатабыз. 

-- Балдары менен үйдө отурган, өзүн өзгөртүүгө ишене албаган келиндерге кандай кеңнештериң бар?

-- Жашоо дагы адамдардын дүйнө таанымына жараша болот. Бул жашоонун мыйзамы ишенимге карата иштеп берет. Айрым билимсиз бирок позитивдүү айымдар тез арада ийгилик жаратканга жетишет. Ал эми кээ бир төрт диплому бар, билимдүү, аң-сезиминдеги программалары негатив менен толгон болсо, ал канчалык көп окубасын алдыга кадам жасай албайт. Чечим чыгарууга келгенде аң-сезимдеги программа абдан чоң роль ойноп коёт. Ишенбөөчүлүк – бул үйдө отуруп калгандан же караңгылыктан эмес, канча бир пайыз генден да болот. Ал айымдын жашоосуна саресеп салсаң, анын чоң апасы, балким апасы эч нерсени кабыл албаган тыржыйган аял. Жөнөкөй эле нерседен бакыт тапканды биле беришпейт. Негизи жакшы нерсеге ишенбеген адам Кудайга дагы ишенбейт деген пикирди айтмакмын. 

-- Адам үчүн, аялзаты үчүн бул жашоонун манызы эмнеде?

-- Адам үчүн деле, аялзаты үчүн деле жашоонун маңызы – бактылуулук. Бактылуулукту кичинекей эле көз ирмемден алып үйрөнсө болот. Өз жандүйнөбүздү каза берсек, биз жүз пайыз бактылуу болуш үчүн бул жарык дүйнөгө келгенбиз. Ошондуктан байлык үчүн эмес, бактылуулук үчүн жашайлы! 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер