Турсунбек Акун: “Бизге азыр конфронтация эмес, консолидация керек”

Борбор Азия өлкөлөрүндөгү адам укуктары боюнча конгресстин координатору Турсунбек мырза менен “ат жалына казан астык”.
-- Туке, “Убакыт келди” деген аталышта улуттук форум өткөрүп атасың, эмне үчүн ушундай ураанды тандап алдың?
-- Биринчиден, 30 жылдан ашык убакыттан бери чабышып эле келе жатабыз. Бийлик, коомчулук, оппозиция деп. Мамлекетибизде үч жолу төңкөрүш болду, президенттерди кууп салдык. Куубагандарын түрмөгө тыгып атабыз. Жалаң кармашуу, конфронтация, жоолашуу менен күн өткөрүүдөбүз. Ошол эле учурда дүйнөдө эбегейсиз чоң процесстер жүрүп жатат. Бир полярдуу дүйнө демонтаж болуп, эки жана көп полярдуу жакка бет алууда. Мына ушундай кезде өз ара жол ачып, консолидацияга өтүп, улуттун келечегин ойлой турчу убакыт келди. Бизде конфронтациянын ордуна консолидацияга убакыт келди.
-- Форумдун максаты эмне?
-- Буга чейин эки жолу коомчулуктун демилгеси менен “тегерек үстөл” өткөргөнбүз. “Кыргызстанда адам укугунун абалы” жана “Кыргызстанда сөз эркиндигинин абалы” деген аталыштарда. Жалпы катышуучулардын баасында, Кыргызстанда адам укугунун абалы өтө төмөн экенин айтылып, бийликтин баардык бутактарынын катышуусунда улуттук форум өткөрүү боюнча чечим кабыл алынган. Форумдун максаты – диалог жана консолидация.
Жаңы Башмыйзам иштей баштады. Анда “демократиялык, укуктук мамлекетпиз. Адам укугу сакталсын, сөз эркиндиги, демократия болсун. Бийлик ар дайым өз эли менен эсептешип турсун” ж.б. деп жазылган. Эми диалогго биздин бийлик даярбы? Алар менен ийри отуруп, түз кеңешели деп атабыз. Мына, максатыбыз ушу.
-- “Бийликтин баардык бутактарынын катышуусунда” деп кеттиңиз, ошондо расмий түрдө кимдер чакырылды?
-- Президент Садыр Нургожоевич Жапаровго чакыруу тапшырылды. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Үсөнбекович Жапаровду, ЖК төрагасын, Жогорку соттун төрагасын, башкы прокурорду, акыйкатчыны чакырдык. Мындан сырткары, легендарлуу парламенттин төрагасы Медеткан Шеримкуловду, белгилүү саясатчыларды, Кыргыз Эл Баатырларын, Кыргызстандын өнүгүшүнө ат көтөргүс салым кошкон коомдук ишмерлер, ЖМК өкүлдөрү катышып атышат.
-- Кандай деп ойлойсуз, форум өз максатына жетеби?
-- 30-март күнү президентибиз баш, калгандары төш болуп форумга келип беришсе, диалог кылышса, коомчулукту консолидацияга чакырса, анда бул улуттук форум өз максатына жеткен болот. Ал эми форумга коомчулуктун гана өкүлдөрү келип, жогорку бийлик өкүлдөрү келбей койсо, бул жыйын ошондо да максатына жете турганын блдиребиз. Анткени, “бийлик өкүлдөрү коомчулук менен диалог кылганга даяр эмес экен” деген жыйынтык чыгарылат. Ошон үчүн кандай жагынан албайлы, бул форум өз максатына жетет.
-- Форумга даярдыктар кандай?
-- Өтө дыкаттык менен даярданып атабыз. Бир гана жакшы тилегим, бийлик тоготпой койбой, форумду жокко чыгарбай, келип катышканы эң жакшы. Президент баштаган бийликке сыйлоо менен мамиле кылып келебиз. Кийинки шайлоого чейин туруктуу иштешин каалайбыз. Бирок, мыйзам талаптарын аткарып, адам укуктарын тебелебей, чектен чыгышпаса дейт элем.
-- Форумда дагы эмне болот?
-- А жерде көтөрүлө турган дагы эки маселе бар. Аны азырынча сыр бойдон кармап турабыз...