Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Шумкарбек Адилбек уулу: “ЕАЭБде экономиканы эмес, саясатты биринчи орунга коюп алганбыз”

Шумкарбек Адилбек уулу: “ЕАЭБде экономиканы эмес, саясатты биринчи орунга коюп алганбыз”

09-сентябрь, 19:50
206 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин мурдагы директору менен маек.

-- Шумкарбек мырза, ЕАЭБдеги биздин мүмкүнчүлүктөр жана кемчиликтер тууралуу ой бөлүшсөң?

-- Негизи тарыхты артка кылчайып карай турган болсок, экономикалык интеграциялык процесстерди ишке ашыруу, аларды жыйынтыктоо максатында товарларды, жумушчу күчүн, кызматтарды уюмга мүчө болуп кирген өлкөлөрдүн арасында тоскоолдуксуз, эч кынтыксыз жүгүртүү болуп саналат. Ошол кызматтардын арасында товарларды капиталды жүргүзүү экономикалык интеграциялык маселелерде бирдиктүү саясатты алып баруу үчүн түзүлгөн. Биздин өлкө бул уюмга мүчө болгондон баштап экономика 2-3-орунда калып, саясат алдыга озуп кетти. “Россия бул уюмдагы эң чоң өлкө. Ошонун айтканындай болот. Ал жактагы чечимдер кабыл алынышы керек" деген саясат жүрүп аткандай. Болбосо интеграциялык, координациялык процесстерде, интеграция, кооперация деген түшүнүктөрдө ошол өлкөлөрдүн кызыкчылыгы биринчи орунга коюлушу зарыл эле. Демек, кайсы бир өлкөдө бир нерсе өндүрүлсө, башка өлкөгө сатылып, бири-бирине пайда гана алып келе турган процесстер болушу шарт. Бул уюмдун негизги максаты ошондой эле. 

Бүгүнкү күндө саясат жогору болуп кетти. Ошондуктан ЕАЭБ бүгүн өлкөлөргө толук кандуу пайдасын алып келип, кызыкчылыктарын ишке ашыра албай жатат десек болот. Эми мунун бир нече себептери бар. Эң негизги себебин жогоруда атап өттүм. Алгач өзүбүз экономиканы биринчи орунга коюп, союз катары баалабай, саясатташтырып жатабыз. Экинчиси, бул бирликке өзүбүздүн экономиканы даярдап, “кайсы артыкчылыгыбыз бар? Кайсы тармакты көбүрөөк жылдырабыз?” деп даярданбай эле кирип алганбыз. Ошонун айынан биздин экономикабыздын жаңы жаралып келе жаткан тармактары Россия, Казакстан, Беларустун товарларына туруштук бералбай кыйналып, жогору көтөрүлө албай жатат. Үчүнчүсү, биздин инфраструктуралык түзүмдөр. Дагы бир айтып кетчү маселе – биздин экономиканын жана өндүрүштүн кээ бир тармактарынын даяр эмес болгондугу. Даяр эмес дегеним, ЕАЭБдин өндүрүштөрүнө тыюу салып, өзүбүздүкүн колдой албайбыз. Буга ЕАЭБдин негизги шарттары жол бербейт. Андан сырткары, Кытай атаандаштыгы. 

Негизи бул уюмдун жумушчу күчү дагы тоскоолдуксуз жүрүшү каралган. Бул жактан дагы маал-маалы менен ар кайсы өлкөлөрдүн кызыкчылыгына жараша ар кандай тоскоолдуктар жаралып келатат. Биз кээ бир учурда көз каранды болуудабыз. Ошондуктан бул маселени да эске алып, чечим кабыл алына турган борборлордо дайыма өзүбүздүн талабыбызды айтып турушубуз зарыл. Өзүбүздүн артыкчылыгыбыз болсо, аны да көрсөтө билишибиз абзел. Биз ЕАЭБге мүчө катары, өз позициясы бар өлкө катары өзүбүздү көрсөтө билгенде гана бул уюм бизге пайда алып келет деген ойдомун. 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер